Садыр Жапаров: «Акчаларды чет өлкөдө эмес, алтынга айлантып үйүңүздө сактасаңыз болот»

Садыр Жапаров: «Акчаларды чет өлкөдө эмес, алтынга айлантып үйүңүздө сактасаңыз болот»

02-жалган куран, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Сом менен доллар өз кунун жоготуп коюушу мүмкүн, ал эми алтын өз кунун эч качан жоготпойт. Мындай пикирин президен Садыр Жапаров өзүнүн социалдык баракчасына билдирди.

«Мен кечээ кыргызстандыктарга кайрылуу жасап, акчасы барларга (бизде, Кудайга шүгүр, чет өлкөлүк банктарда же үйлөрүндө акчасын сактаган жарандарыбыз көп). Акчаңарды алтын менен сактагыла, жүздөгөн жылдар бою алтын өз кунун жоготпойт дедим эле.

Бүгүндөн баштап Улуттук банкта алтын сатып алууга кезекке тургандар көбөйдү. Туура кыласыздар, чет өлкөлүк банктарда же үйдө кагаз акча менен сактагандан көрө, алтын менен сактасаңыздар, жүз жылдан кийин болсо дагы күйбөйсүздөр.

Сом менен доллар өз кунун жоготуп коюшу мүмкүн, ал эми алтын өз кунун эч качан жоготпойт» — деп жазган өлкө башчы.