Сабыркул Ашимбаев: “Садыр Нургожоевичтин демилгесин колдоп, көмүрдү арзан баада сатууну колго алдык”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен маек.

— Саламатсызбы Сабыркул Абасович! Бюджеттик жана социалдык мекеме уюмдар, жалпы эле калайык калк отун-суу, көмүр менен толук камсыздалдыбы?

— Нарын облусунун бюджеттик мекемелерине, жылуулук ишканаларына жана калкына 2021-2022-жылдардын күз-кыш мезгилине жалпы 98 миң 713 тонна көмүр керектелсе, 2021-жылдын 14-декабрына карата бюджеттен каржыланган социалдык мекемелерге 17535 тонна, же керектелүүчү көмүрдүн 92 пайызы жана калкка 56589 тонна (75%), жалпы 77897 тонна жеткирилип, керектелүүчү көмүрдүн 79 пайызы тартылды.

Быйыл өзүңүздөр билгендей, Кара-Кечеде көмүр казуу иштери дээрлик бир жарым айга кеч башталып, ошого карабай уюштуруу иштерин кечиктирбей жүргүзүүнүн натыйжасында калкыбыз көмүр менен камсыз болду. Азыркы мезгилде да иш кызуу жүрүүдө. Жумасына эки ирет Нарын облусунун көмүр тарткан автоунаалары Кара-Кечеге кезексиз киргизилүүдө.

— Нарын облусунун аймагында элге көмүр сатуучу кампалар уюштурулганбы? Сатуу баасына киргизилген чектөөлөрдүн аткарылышы көзөмөлгө алынды беле?

— Облустун калкын үзгүлтүксүз көмүр менен камсыздоо максатында райондордун борборлорунда, айыл өкмөттөрүндө, Нарын шаарында жалпы 68 кампа уюштурулду. Көмүр сатылып жаткан кампалардагы 1 тоннага болгон баасы Ак-Талаа районунда 3000-4000, Ат-Башыда 3300-4000, Жумгалда 2000-2200, Кочкордо 3500-3700, Нарын районунда 3700-4000 сом, Нарын шаарында 3000-4000 сомду түзүүдө.

Учурда облустун аймагындагы кампаларда 609 тонна көмүр бар. Көмүрдү сатык баасына киргизилген чектөөлөрдүн аткарылышы көзөмөлдө. Бул боюнча атайын ишеним телефондору уюштурулган. Нарын облусунун райондорунда, Нарын шаарында көмүрдүн 1 тоннага болгон баасын көзөмөлгө алуу боюнча атайын жумушчу топтор түзүлүп, рейддер уюштурулууда. Азыркы учурда баанын кескин кымбаттоосу боло элек.

— Президенттин көмүрдүн баасын арзандатып сатууну уюштуруу тапшырмасы кандай аткарылууда?

— Президентибиз Садыр Нургожоевичтин демилгесин колдоп, арзан баада көмүр тарттыруу иштери да колго алынды. Ат-Башы районунун Ак-Муз айылындагы муниципалдык техникалык сервистин автоунаалары менен көмүрдүн тоннасы 3000-3500 сомдон сатылып, бул жөрөлгө башка райондорго да үлгү болду. Ушундай эле аракеттер Нарын шаарында жана Кочкор районунда ишке ашты.

Мындан сырткары, аз камсыз үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү максатында 2021-жылдын ноябрь, декабрь айларында облустагы ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген 50 майып адамга 3000 сомдон жалпы 150 000 сом резервдик фонддон жардам берилди. Ошондой эле 75 адамга 750 кгдан 52 тонна 500 кил көмүр таратылды.

Учурда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген 150 жаранга 3000 сомдон жардам берүү жагы каралууда. Андан сырткары, облус боюнча 650 үй-бүлөгө 650 тонна жана 3000 сомдон 2000 тонна арзан баада көмүр менен элди камсыздоо аракеттери көрүлүп жатат.

Жамиля Нурманбетова 

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg