Сабыр Муканбетов: “Тынчтыкбек Чоротегинге окшоп, “Путин күнөөлүү” дегендер кожоюндарына жагынышса…”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

— Сабыке, Украинадагы кырдаал боюнча соцтармактардагы маалыматтарды угуп атабыз. Батышты жактагандар, орусту жактагандар бирин-бири укпай эле тынымсыз, ар ким өз “ырын” созуп жаткандай. Ушул жагынан кеп салчы?

— Украинада согуш оту тутанды, аскерлер эле эмес карапайым эл да өлүп атат. Дүйнөлүк коомчулук, “эмне себептен ушундай болду, буга ким күнөөлүү?” деген суроого жооп издешүүдө. Батыш өзүнүн аймагындагы альтернативалуу пикир билдирген ЖМК булактарын түгөл жаап, бир жактуу орусту күнөөлөгөн маалыматтарды элинин кулагына күнү-түнү куюп, зомбировать этип жатат.

Элдин башка маалымат алуу мүмкүнчүлүгү дээрлик жок. Күндө укканы, көргөнү – фейк. Жооп иретинде орус тарап да алардын маалымат булактарын жабууга барды. Эки тараптагы коомчулук короого камалган койлордой эле болуп калды.

Азыр эки тарап өз короосундагы койлорго колунда бар жем-чөбүн берген чабан сымал… Ошентип, дал келбеген маалыматтар менен жасалма табит жаратылып, бирибирин түшүнбөгөн, жек көргөн ажырым күчөп, душмандашуу ырбап баратат.

— “Орусия агрессор, Путин канкор, тынч жаткан Украинанын өнүгүүсүн көралбай, басып, өзүнө каратып алганы жатат” деп аткандарды да, “узакка созулган геосаясый тирешүүнүн, НАТОнун тынымсыз Чыгышка карай жылып, орус чегине жетип, коопсуздугуна өтө кооптуу шек келгенинен улам башталды” дегенди да угуп жатабыз. Кыргыз коомчулугу кайсы пикирге басым жасап жаткандай?

— Биз, кыргыздар кечээ эле орустан ажырашып эгемен болдук. Жакшыбыз да, жаманыбыз да азыркыга чейин орус менен аралаш. “Жаман катын чыккан жерин төркүнсүйт” дегендей, кемчилик, жетишпегендигибиздин баарын орустан көрүп, “орустардын айынан, ошолорду ээрчип өнүкпөй атабыз, Путин узак отуруп алып, авторитаризм орнотуп, орусту курутту. Кесепети бизге тийип атат” деп дагы деле орустун ички ишин баягы СССРдегидей, өзүбүздүн маселедей карай беребиз.

Өзүбүздөгү бийликке жулунуп оппозиция болгондой эле орустун оппозициясын колдоп, кошулуп алып, Путинди сөгүп жүрөбүз. Албетте, демократиянын эң негизги принциптеринин бири – бийликтин эл тарабынан шайланып, маал-маалы менен алмашып туруусу эсептелет. Постсоветтик өлкөлөрдө узакка бийликте отуруп алмайлар көп. Бирок бизге окшоп улам бир президентти көчүккө тээп кубалап ийгендер деле оңуп кеткенин көргөн жокпуз.

Украинадагы кырдаалды ошондой чолок, тайкы көз караш менен “орус баштады, Путин күнөөлүү” деп бакырып аткандар деле бизде анча көп эмес экен. Мен аны соцтармактардагы “лайктардан” байкап атам.

Ал бакырчаак келесоолорго көңүл бурбай деле койсо болот. Бирок илим-билимдүү русофобдордун согуш отун жакындатып, ушу кырдаалга алып келген АКШ менен НАТОнун аракеттерин актап, жашырып, жогорудагыдай тайкы ойлонгон жарандарыбызды күүлөп, “орус баштады” дедиртип, маңкурт кылып айдап, элдин пикирин бурмалоого кылган аракеттерин көрүп туруп, кантип айтпай коюуга болот?

Католиктер менен православ христиандарынын душмандашып кырылышып келе жатканына беш-алты кылымдан ашты. Бул түбү тереңге кеткен ажырым. ХХ кылымда эле 30-40 млн. адамдын өмүрүн алган согуш сабак болбой, эми минтип кайрадан дүйнө, байлык, таасир, ресурс талаштын айынан демейдеги согуш башталып жатат.

Үчүнчү дүйнөлүк согуш башталса жер үстүндө жашоо жок болорун билип турушса да, токтоно албай, күндөн-күнгө күчөөдө. Ушундай кырдаалда тирешүүнүн себептерин ачык айтып талдап, аныктоо абдан зарыл. Тилекке каршы, өзүнүн жеке симпатиясы менен антипатиясынан чыгалбаган, бир тараптын пропагандасына зомбировать этилип калган айрым жарандар эфирден түшпөй, кырдаалды анча аңдап, талдоого мүмкүнчүлүгү жок, көроокаттан бошобогон көпчүлүктүн башын айландырып, чындыкка коошпогон маалыматтарды таркатып элдин башын айландырууда.

Үчүнчү дүйнөлүк согуш башталса өзү кошо өлөөрү менен иши жок Тынчтыкбек Чоротегинге окшоп, “Путин күнөөлүү” дегенди жайылтып, кожоюндарынын көңүлүн алса болду экен.

— Орусия “атайын операция” деп атат, а кеп чынында ал жерде аскерлер согушуп, өлүп атат. Анан “согуш” дешибиз керекпи же эмне дейли?

— Орустар Донбасста 8 жыл жертөлөдө бомбаланып кырылып аткан орустарды эле коргоо үчүн баштаган жок. Хотя, ал да өтө маанилүү. Чыныгы себеп АКШ менен НАТОнун орустун чегине өтө жакын келип, Румыния менен Польшага ракеталарын жайгаштыргандан, анан Украинаны шыкактап, ал жерде неонацизмди пайда кылып, нацисттердин бийлигин тымызын колдоп, бийликке келишине шарт түзүп, оруска каршы кайраштырып, куралдандырып, аймагына аскердик объектилерди кура баштаганынан курчуду…

Англосакстардын Украинага жайгашып алып, ыңгайлуу учурду – орустарды тыптыйпыл кылганга жетиштүү шартты күтүп, керектүү куралга жеткенде “орусту жер менен жексен кылып, жер байлыгын тартып алуу” максатын билген орустар жөн жатмак беле? “Койгула, токтогула! Артка, 1997-жылкы чегиңерге кайткыла, болбосо биз өзүбүз чара көрөбүз” деп кайра-кайра эскертти. Угушкан жок.

Акыры орус “жатып өлгөнчө, атып өл” принциби менен алдын ала сокку урууга мажбур болду. Башка аргасы жок калган. Орус бийлиги үчүн биринчи кезекте Россиянын элинин, жеринин коопсуздугу маанилүү эмеспи. Украинага жан тартымыш болуп, эки элди кырылыштыргысы келген Батыш “максатыма жеттим, экөө болушунча алсырасын, анан көрөбүз” дегенсип, отко май бүркүп, акча, курал чачуусунан кайткан жок.

Бирок орус менен тикелей беттешүүдөн коркоору да ачыкталып калды. Орустар бу сапар артка тартпасы ачык-айкын, анткени ал жол Орусиянын жок болуусуна алып келет. Спецоперация улантылууда. Украинанын аскердик инфраструктурасы дээрлик талкаланып жок кылынды. 5-6 жерде ВСУ менен нацбаттар күйүүчү май, ок-дары, тамак-аш логистикасы жок курчоодо, элди тирүү шит кылып коргонуп, жөнжай жарандар да чыгым болууда.

Украинанын аскердик кагылышуу жок аймактарында жөнөкөй жарандардын орус аскерлерине негативдүү мамилеси, бирин-серин гана сөөмөй кезөөлөр болбосо, душман катары кабыл алышканы байкалбайт. Орустардын спецоперациясы акырына чыкмайын токтобостугу белгилүү эле болуп калды. Эми бул окуяны орустар “спецоперация” деп атады, “согуш” деген жок. “Согуш” дегенде аскерине эле эмес элине да каршы согуштук аракеттер көрүлөрүнөн улам, “булар боордош эл, биз элге каршы келген жокпуз.

Денацификация кылып, жалпы региондун коопсуздугун камсыздаганы келдик” деген мааниде ушундай аташкандыр. Украин бийлиги, Батыштагы колдоочулары дагы башында “бул аскердик агрессия, согуш” деп кыйкырып чыгышкан. Башка мамлекеттин аскери жериңе кирип аткылап атса, ал – албетте, согуш.

Украина дароо эле Россияга согуш жарыялашы керек болчу. Эмнеге жарыялаган жок? Батыштагы өнөктөштөрү да “давай, согуш жарыяла!” деп кыйнаганы байкалбайт. Демек, алар да кандайдыр бир себептерден улам “согуш” дегенге батынбай жатышат.

Булак: Азия News гезити

Аргумент.kg