Сабыр Муканбетов: «АКШга жакпагандар, «любой» ким болсо да агрессор, диктатор, террорист!»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Мындай пикирин саясат талдоочу Сабыр Муканбетов өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

«Орусия менен Кыргызстан стратегиалык өнөктөштөр.

Анда-санда боло калчу түшүнбөстүктөр болбосо жалпы жонунан жакшы катнаштабыз. Тамак аш, ун, нефтепродукты, газ, ж.б. көптөгөн товарларды орусиядан алабыз.

Базары бизге ачык, млнго чукул элибиз Орусияда жашап, иштеп, 2 млрд доллар деңгээлинде акча жөнөтүп салым кошуп жатат. Биздин бийлик, элибиздин көпчүлүгү Орусия менен болгон мамиленин бузулушун каалабайт. Бул абдан туура. Коңшулар менен мамилени бузуу бизге эч пайдасыз, тетирисинче кесепети өтө оор болот.

Бирок ошого карабастан, ЖККУ, ЕАЭСтен тездик менен кол үзүп, чыгып кетинүү талап кылып аткан бир ууч жарандар да бар. Аларга «Ун 50%, нефтепродукт 100% орустан келет, ордун толтуруу мүмкүн эмес, ошо жагын кантебиз», — десең жооп жок. Жооп ордуна «орускул, кулча ойлонгондордун баары кебез баш, орус агрессор, орустар кичинекей балдарды өлтүрүп жатат» — деп кыйкырып беттен алат.

«Донецк, Луганскда 8 жылда өлгөн 15 миң адамдын ичинен 500 кичинекей балдар өлүптүр, аны эмне көрбөй, даже айтпайсыңар» — десең да укпайт. Нациктер, алардын кылгандары тууралуу видеофактылар толтура турса да көрмөксөн. Одессада 48 адамды тирүүлөй өртөп, оттон качып 2-3-этаждан секирип түшкөндөрдү ошо жерден бита менен «добивать» этип өлтүрүп жатса да ооз ачышпайт. Батыш да көрбөйт. Бир тараптуу антироссия айкырыгын салышат. Нациктер жок, деп аларды актап, орусту боктошот.

АКШ «ковровый бомбардировкаларды» жасап Багдад, Триполи, Белградды ж.б. быт-чытын чыгарып, млндон ашык адам кырылганда да ооз ачышпайт.

«Украина каалаган жагына кошулса өз эрки» — дешет. Ошо «өз эрки» Орусияга өтө кооптуу болуп жатпайбы, НАТОнун ракеталарын анчалык жакын жайгашына Орусия эч качан макул болбойт, кагылыш болот десең.

«Эмне орусту аткан атыптырбы, жакын келсе эле атмак беле(?), жон эле жата бербейби, чыр чыгарбай» — деген өңдөнүп барып, алаксытып башынан баштап кыйкырышат.

Бүт дүйнөнү чырмап алган НПОлор АКШнын дирижерлугу менен баары бирдей көтөрүлүп, уюшкандыкта акциаларды өткөрүүгө маш болуп алышкан. Материалдык жактан да байланышкан. Андыктан алардан адилеттүүлүк, чындык күтүп кереги жок. Булар үчүн Америка гана чындык.

АКШга жакпагандар, «любой» ким болсо да агрессор, диктатор, террорист!», — деп белгилеген Муканбетов.

Эске салсак, 24-февралда Орусиянын президенти Владимир Путин Донбасс жумурияттарынын жетекчилеринин жардам сурап кайрылуусуна жооп катары Украинага каршы согуш башталганын жарыялаган. Ал Украинанын аймактарын оккупациялоо Москванын пландарында камтылбагандыгын баса белгилеген. Согушка жооп катары АКШ, Евробиримдик, Улуу Британия жана башка бир катар мамлекет орусиялык жеке жана каптталган уюмдарга каршы санкцияларды киргизген.

Аргумент.kg