Сабыр Муканбетов: “Акаевди Аксыга, Бакиевди Ата-Бейитке көмгүлө…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

— Сабыке амансыңбы? “Бакиевди коргоо, актоо” уюмун түзүп, аны мекенине алып келүүгө аракеттер башталыптыр. Буга кандай карайсың? Эл эмне дейт?

— “Ээ кокуй, эл эмне дейт?» дечү эле илгери. Ошентип, туура эмес иштерден карманып, тартынып, натыйжада нарк, салт, уят-сыйыт, тартип сакталып келген. Азыр болсо “элиңди урганым жок, билгениңерди кылгыла, колуңардан эмне келет?” дегендер көп. Себеби, элди керек болгондо гана ойлоп, калган убакта эмне болсо ошо болсун деп калганбыз. Келечекти ойлой турган башчылар жеке кулкуну менен калтасын гана ойлогондон бошобой, биринин артынан бири куулуп келди. Эл да ишеними өлүп, өз оокатын өзү кылып, кара жанын багуу үчүн жеңил-желпи сатылып, ууру-кескилерди, кан ичерлерди колдоо көнүмүшкө айланып калган заман. Курманбек Бакиев да актанып, апрелдеги кыргынды моюндабай, Минскиге улам бирөөлөрдү чакырып, сый көрсөткөнүн токтотпой келет. Акча саман да…

Айтмакчы, 7-апрелден бери кете албай, Акүйдү айланчыктап итаяк жалап күн көргөн бир көрпенде Минскиге барып келгенин, курсагы, калтасы толуп, саунада сойкулар менен өлө чардаганын айтып, журналисттерге мактаныптыр. Ошого окшогон дөөпөрөстөр ичкен жугундусун актоо үчүн оозуна келгенди оттоп, “Бакиевди коргоо, актоо” уюмун түзгөнү жатышат да. “Эл эмне дейт?” дешпейт, итаяктагы жугунду бөксөрбөсө болгону.

Азыркы бийликтегилер да бир кезде Бакиевдин жакшылыгын көрдү эле, эми колдорунан келип турганда акталганга жардам беришеби? Ушундай ойдон улам чыккан демилге болсо керек.

— Саясатчы Бекболот Талгарбеков бир учурда Бакиевдердин куугунтугунда калган эле. Бирок учурда Курманбек Салиевичке боор тартып, аны Кыргызстанга алып келүү таризинде сөзүн айткан… Бул кандай, кечиримдүүлүкпү?

— Бекболот байке Аскар Акаевди сатпай, көгөрө колдоп, анын элге кайтышына салым кошкон адам. Анан “бирөөнү кечирип, экинчисин кечирбей койгон болбойт” таризинде айтып жаткандай түшүндүм. Элибиздин түндүк-түштүк болуп бөлүнгөн “оорусун” эске алалы… “Акаевди актасак, Бакиевди да алып келели, антпесе эл дагы нааразы болот” дегендей мотив бар сыяктуу.

Жүзгө жакын жаш кырчындарды “өздөрү өлтүрдү” кылган күндө да, ага чейинки 60ка жакын буюртма киши өлтүрүүлөрдүн баарын Жаныш Бакиевге шылташ кыйын да. “Жаныш президент менен кеңешпей, өзүмбилемдик менен адамдарды ит аткандай ата берген” дегенге ким ишенет?

Экинчиден, Курманбек Бакиевди Аскар Акаевче эле алып келе калыш мүмкүн эмес. Акаев соттолгон эмес, кылмыш иши да козголбоптур. Курманбек Бакиевге болсо сот өкүмү чыккан. Ал өмүр бою түрмөгө кесилген. Ошондуктан, ал Кыргызстанга келсе биринчи иретте түрмөгө кирип, анан ошол жактан ишин кайра кароону суранып, өтүнүч менен кайрылууга туура келет.

— Ошентип, качкын президенттер келишсе, акталышса, анан кандай болот, өлгөндө Ала-Арча көрүстөнүнө коюлушабы? Кандай дейсиң?

— Ким качан өлөрүн билбейбиз. “Бирөөнүн өлүмүн тилегенче, өз өмүрүңдү тиле” дейт. Эми аны кайда коёсуңар, мен кайдан билем? Көзү ачыктардан сура да, досум. Менин оюма койсо, Курманбек Бакиевди Ата-Бейитке көмгүлө демекмин. “Апрелчилер” менен жооптошуп алсын да…

— Анда Аскар Акаевди кайда коёбуз?

— Акаевди Аксыга, жанагы Бозпиектеги таштын жанына көмгүлө. Ары өткөн, бери өткөн эл эскерип турсун. Кийинки урпактарга сабак болсун. “Кыргыздар атасынын мойнуна кылмышкер баласынын башын кесип байлап койчу, ал байкуш атасы өлөр-өлгөнчө ошо башты мойнуна салып жүрчү” деп жазганды окуганбыз. Анын сыңарындай, элге карата жасалган кызыл кыргын жазасыз калбашы керек.

— Абактагы Алмазбек Атамбаевдин аброю өсүп атканы байкалууда. Чоң саясатка канчалык деңгээлде таасир этет?

— Соцтармактарда, тар чөйрөлөрдө Алмазбек Атамбаев тууралуу ар кандай сөздөр чыгып, эскерүүлөр болууда. Учурдагы абалды жектегендер, көңүлүнө төп келбегендер өткөндү салыштырып, “мурункулардын ичинен Атамбаев көп иш кылыптыр, эл аралык аренада да аброю жогору эле” деген сыяктуу сөздөрдү көбүрөөк айтышса, туура көргөнсүп муюп угушуп, алкагандай баш ийкеп аткандар бар, бул комменттерден байкалат.

Негизи эле эл өзү ошондой экенбиз, ар дайым өткөндү мактайбыз, ал да болсо улам жаңы муун деградация болуп жатканынан го… Көбүнесе учурдагы бийликке ичи чыкпай нааразы болгондор татыктуу лидер жогунан улам ушундай кадамдарга чейин барышууда…

Алмазбек Атамбаев тууралуу айтсак сөз түгөнбөйт. Анын жакшы жагы, жаман жагы да жетиштүү. Көзүнө эчтеке көрүнбөй “Кудай менен классташтай” опурулуп турганда сындап, камалгандан кийин “кой эми, жетишет” деп үндөбөй калганбыз. Азыр ден соолугу начарлап атканын угуп атабыз. “Сакайып кетсин” деген тилектен башка эмне айтабыз?

— Канатбек Исаев камакта жатат. Бийлик эмне анчалык чочулап, куугунтук жасоого киришти? Кийинки президенттик шайлоодо Канатбек мырзаны карапайым калк колдоп кетеби?

— Батышчыл, орусчул экенине карабай, түркүн көз караш, ар башка багыттагылар бийликке каршы нааразычылык билдиришип, бирге көчөгө чыга баштагандан чочулаган бийлик “стабилдүүлүк бузулат” деген таризде баарын аралаш камады өңдөнүп калды.

Канатбек Исаевди деле “акыркы уюшмага” тийешеси жоктугуна карабай камакка алышты, кыязы, “лидерликке шансы бар, оппозицияны ушул баштайт” деген жоромолдор себеп болду окшойт. Кеп чынында оппозиция лидерге муктаж, болгондо да так ошол чүйлүк лидер керектиги айтылып, мындай чукактык болуп жатканынан, көпчүлүк да “Канатты колдойбуз, ушул жигит жарайт!” деп калган. Ошол себептен, алдын алуу максатында “кара тизмеге кирип калды” дегенге негиз бар. Бирок аныгында, акыркы камалган 30га чукул жарандарыбызга коюлган айыптоолор суу кечпей калды. “Эми курултай өттү, саммит тарады, эл деле тынч, четинен бошотот го?” десек, андай эмес окшойт.

“Камакка алуулардан улам коом тынчтана түштү, эффект берди, башынан катуу кармаган туура экен, “кыңк” эттирбейбиз, иштөөгө мүмкүнчүлүк алдык, биз эл үчүн иштеп атабыз” дегенсиген жагдайды жайылтып жаткан бийлик жана алардын тарапташтары “эл душманы”, “чыккынчылар” деген жарлыкты жандандырса деле таңгалуунун кажети жок. Ошондон улам, “ар кимисин 5-7 жылдан кесет экен” деген имиштер айтылууда.

Натыйжада, Канатбек Исаевди кандай тагдыр күтүп турганын билбейбиз. Бирок, азыркы бийлик ишинен жыйынтык чыгарбай, ичи чыкпагандар арбып, нааразычылык күчөсө кандай болот? Бизде түрмөдөн түптүз келип эле 7-кабаттан орун алуу биринчи ирет болуп аткан жок. Андыктан Канатбек Исаев деле Садыр Жапаровго окшоп эртең бийликке келип калса, таңгалычтуу болбойт.

— Сапар Исаков Москвада жатып алып бийликке жетүүнү көздөп жатканы тар чөйрөдө талкууда. Саясый элитанын күчтүү катмары, дээрлик байлар аны менен тымызын мамиле түзө баштаганы кандай? Чын эле Путин колдосо, Сапар Исаков Москвадан башкаруучу катары Бишкекке түшөбү?..

— Кремлдин ар кайсы башнясы Кыргызстандагы түркүн күчтөр менен ымала түзүп, асмандагы айды алып берүүнү айтышып, сырын иликтеп, падышага шыбырап турары жашыруун эмес. Акыры Владимир Владимирович кайсы башнянын тилине кирерин, кандай чечим кабыл аларын эч ким билбейт. Бирок “дүргүткүчтөр” иштей беришет, ымала уланып, убадалар бериле берет, биздин элиталар самсаалап агылышат, алар каалагандай калчашат. Себеби, орустарга кыкеңдерди изилдөө, сырыбызды билүү абдан зарыл. Биз алардын стратегиялык кызыкчылыгы бар геостратегиялык аймакта турган өнөктөшүбүз. “Булар сатып кетишпесин” деп чара көрүшөт да…

Максим Бакиевдин долбоорлору менен Алмазбек Атамбаевдин ичи-койнуна кирип, башын айлантып, түбүнө жеткен Сапар Исаков деген экс-премьер-министр Кремлдин башняларындагы эски досторун айланчыктап багып, Кыргызстандан уурдап алган акчаларын Россияга инвестициялап, бозгун болуп жан сактап жүрөт.

Бишкек ТЭЦи, “Датка-Кемин” подстанциясы, түндүк-түштүк альтернативалуу жолу сыяктуу курулуштарды алсак, баасын үч-төрт эсе кымбаттатып, кытайлардан откат алып, жыргаган заманын эңсеп, Москвадагы достору менен соодалашып, итаяк жалагычтарды жалдап, пиар жасап жатса керек. “Ары жок элге боло берет” деп атса катуу жаңылышат. Путин эмес, Николайы тирилип келсе да кыргыз эли андай тикелей көтөнзордукка көнбөшү керек. Эл болуудан калбайлы, андайга жол берилбеши керек.

Сурат Жылкычиев 

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg