Сабыр Муканбетов: “Адамзатка каршы кылмыш болуп жатса, АКШны колдоп чыга калган бейөкмөтчүлөрдүн жоругун жерийм”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

— Россиянын Украинадагы атайын операциясына каршы кыргыз бейөкмөт уюмдары орус элчилигинин астына чыгышып, нааразычылык акциясын уюштурушту. Сиз соцтармактарда алар менен кайым айтыша кеткениңиздин себеби эмнеде?

— Мен бейөкмөтчүлөрдүн акциясына байланыштуу кайым айтышкан жокмун. Алардын укугу бар, чыга беришсин. Мен Каличанын мага жазганына гана жооп бергем. Биздин жазышуубуз акция убагына туш келип калган үчүн ушундай резонанс жаралып кетти окшойт. Эгерде Россия эч себепсиз Украинаны басып кирсе, анда мен деле бейөкмөтчүлөр менен бирге акцияга чыкмакмын.

Украинанын бийлиги боордош орус элине кастык менен келе жаткан НАТОго колтук ачып, өзүнүн аймагына алардын ракеталарын жайгаштырууну баштап атса, айтса укпаса, кой десе болбосо эмне кылсын? Орустар Украинага эмес, орусту алсыздандырып, жок кылуу максатын көздөп, НАТОну орустун чегине чейин тынымсыз жылдырып келе жаткан АКШга каршы аракеттенүүдө.

Бейөкмөтчүлөр негизги күнөөкөр Америкага каршы бир да жолу ооз ачып койбостон, Батыштын истерикалык айкырыгын Орто Азияда жаңыртып, “орус күнөөлүү” деп дүйнө элдеринин башын айланткылары бар. Батыштын пропагандасы уюшкандыкта дүйнөнүн баардык булуң-бурчтарында истерика уюштуруп жатат. Бейөкамөтчүлөр мындай “ишембиликке” катышканга аргасыз. Анткени каражат аларга негизинен Батыштан келет. “Катышпай коюу менен кара тизмеге кирип калсам, каржы жагынан аксайм” деген коркуу сезиминин да таасири бар.

Россия өз элинин коопсуздугунун камын көрүп жатат. Украина дээрлик демилитаризацияланып бүттү. Эми кийинки этабы – чегине жакын жердеги Польша менен Румыниядагы НАТОнун ракеталык установкаларын алып кетүү талабы турат. Алар өз эрки менен ракеталарын чыгарып кетсе, Европада коопсуздук камсыздалып, орустар да тынчыйт. Чыгарып кетпесе кайрадан чукул аскердик чаралар көрүлүшү мүмкүн.

Анткени Россия өзүнүн коопсуздугу камсыздалмайын тынчыбай турганын ачык билдирди. Андыктан, бейөкмөтчүлөрдүн “Россия агрессор, Польшадан, Румыниядан колуңду тарт!” деген бушайманына да күбө болуп калышыбыз мүмкүн.

— Бейөкмөтчүлөр менен жакшы элеңиз, эмне шайтан сайды?

— “АКШ” деген шайтан сайды. Мени эле эмес, түшүнгөн кишиге жалпы адамзатты “сайып” атат. Мен алардын керектигин танбайм, демократияга, адам укугу, сөз эркиндигине, экология, билим берүү, медицина, ж.б. тармактарга кошкон ат көтөргүс салымдарын баалап, өмүр бою колдоп келем. Бирок, ошол эле учурда адамзатка каршы көптөгөн кылмыштарына карабастан АКШны колдоп чыга калмай өксүктөрүн колдой албайм, жерийм. Мен бул позициямды бүгүн эле ойлоп тапкан жокмун. Буга чейин да ушул пикиримди айтып, батышчыл досторума жаман көрүнүп келгем.

— Украина Кыргызстандагы элчисин чакыртып алганы маалым болду. Бул бейөкмөтчүлөрдүн акциясынын таасири десек болобу?

— Биз жогоруда антироссиялык истерика Батыш пропагандасы тарабынан уюшкандыкта өткөрүлүп жатканын айттык. Орто Азия чөлкөмүнөн активдүүлүк Кыргызстанда көрсөтүлгөндүктөн өзгөчө көңүл бөлүнүп, украин бийлигине сырткы кеңешчилер берген көрсөтмөнүн негизинде ошондой, элчини чакырып алуу сунушталган болушу толук мүмкүн.

Болбосо башкы колбашчылык милдетин аткаруудан четтеп, көрүнгөн жерде качып-конуп, майда-чүйдө пиар клиптерди тартуу менен гана алектенип калган Зеленский биздин “бейбаштарга” көңүл бурганга чамасы жок да. Мына эми элчисин Киевге чакыртып атат. Эми элчи аны каяктан табат? Ал өзү Киевден качып кетсе…

— Биздин айрым жарандар, саясатчылар, ошол эле бейөкмөтчүлөр “Россия СССРди кайра жандандырууну көздөйт, Украинадан кийин Орто Азияны басып алууну баштайт” деген пикирлерди айтып жатышат. Сиз кандай дейсиз?

— Россия СССРдин аймагында жаралган жаңы мамлекеттердин баарын тааныган, алар менен ар кандай деңгээлде ОДКБ, ЕАЭБ, ШОС курамында кызматташып жатат. Постсоветтик аймакта Россиянын кызыкчылыктары бар жана алар өз кызыкчылыктарын ар дайым коргоого даяр. Биринчи кезекте өз коопсуздугун коргоого байланыштуу кызыкчылыктар турат.

Кызыкчылыкты коргоо ар дайым эле басып алуу менен байланыштуу болбойт. Башка рычагдар жетиштүү. Жириновскийге окшогондорду кыйкыртып коёт. Бирок ал орус бийлигинин расмий көз карашы эмес, рычагдардын бир түрү. Биз Россия менен стратегиялык өнөктөшпүз. Алардан жардамдарды алып атабыз, ээн-эркин кирип чыгабыз, базарларына товарларыбызды сатуудабыз.

Дүйнөгө чыга турган эки жол болсо, бири кытай, бири орус аркылуу. Айрым орусту жек көргөн жарандарыбыздын тилине кирип, орустар менен мамилени бузуу бизге пайдасыз. Тескерисинче, чоң катачылык болуп, кесепеттери өтө оор болот. “СССРди кайра жандантам” деп постсоветтик өлкөлөрдү басып алуу Россия үчүн өтө опурталдуу. 100 миллионго жакын дармоеддерди багууну Россиянын экономикасы көтөрө албайт.

Таасирдүү держава интеграциянын башка тыгыз кызматташуу деңгээлинде иш алып барып, өнөктөштөрдүн чектен чыгып бараткандарын экономикалык жана дагы башка жолдору менен эле тескей алат.

“Постсоветтик өлкөлөрдү басып алат” деген миф, Украина мисалында эле калп экени жакында далилденгенине күбө болобуз. Украина оккупацияланып, Россиянын курамына кошулбай, суверендүү, нейтралдуу мамлекет катары калат. ЛНР, ДНР ж.б. аймактары “оруска кошулабыз” десе, эли өздөрү чечет. Жалпы 50 миллион калкы бар Украинаны кошуп алууга орустар өздөрү деле кызыкдар эмес. Экономикалык жактан көтөрүш кыйын.

Булак: Азия News гезити

Аргумент.kg