Ырчы Нурлан Насип үйүнүн эшигине белгисиз нерсени чачып кеткен аял тууралуу Supertv телеканалына төмөндөгүлөрдү билдирген.
«Ал эже 60-65 жаштагы экен. Балдары, кыздары менен үйгө келишиптир. Жакшылык каалап эле ошондой кадамга баргам деген сөздөрдү айтты. Сабыр кылдым… Бардык нерсе Кудайдан, сактайм десе сактайт. Өзүмө дем салдырып койдум»,- деди ал.
Эскерте кетсек, 26-январда Нурлан Насип үйүнүн эшигине аял белгисиз нерсени чачып кеткенин айтып, видео менен бөлүшкөн.