Сабиржан Абдикаримов: “Казакстанда таажывирусту жуктуруп алган жарандарыбызды өлкөгө алып келдик»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бул тууралуу онлайн брифингде Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.
 
“Бүгүнкү күндө Казакстандагы таажывирус илдетин жуктуруп алган төрт жараныбыздын үчөөсүн алып келип жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырдык. Ал эми Россиялык жаранды өлкөгө киргизген жокпуз. Андан тышкары алар менен байланышта болгон төрт кишини обсервацияга алып Ысык-Ата районуна жаткырдык. Ошондой эле түрк жараны менен байланышта болгон эки адамдын аты жөнү бар бирок, адресин таппай жатабыз. Бул издөө иштери боюнча атайын органдар иштеп жатышат”,- деди министр.

Аргумент.kg