С. ЖАПАРОВДУН ТАРАПТАШТАРЫНЫН СОТУ 23-ИЮНДА УЛАНАТ

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бүгүн, 15-июнда Биринчи Май райондук сотунда Садыр Жапаровду колдоо митингинде баш аламандык уюштурган деп айыпталып кармалган тарапташтарынын кезектеги соту уланды. Түшкү саат экиде башталган соттук отурум үч жарым саатка уланды. Соттук иш жумуш убактысы аяктап калгандыктан 23-июнга калтырылды.
Эске сала кетсек, 25-мартта Садыр Жапаров Кыргызстанга келип УКМК тарабынан кармалган. Аны колдоп УКМКнын алдындагы митингде чыккандардын ичинен 105 адам кармалган.
Алардын ичинен 64ү 2 суткадан 5 суткага чейин убактылуу кармоочу жайга камалып, мөөнөтү бүткөндө бошотулган.  Кармалгандардын 12сине “бейбаштык”, “милиция кызматкерине кол көтөрүү”, “бирөөнүн мүлкүн сындыруу” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.
Камакка алынгандардын арасында Садыр Жапаровдун иниси, агасы жана баласы бар.
Булак:Каганат

Аргумент.kg