СҮРӨТ- Ассоль Молдокматова Россияда күмүш медаль менен сыйланды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Коомдук ишмер, Евразия телеакадемиясынын академиги Ассоль Молдокматова “Орус поэзиясын дүйнөгө жайылтканы үчүн” күмүш медалы менен сыйланды, ошондой эле Президиумдун чечими менен Евразия элдеринин ассемблеясынын адабий кеңешинин Ардактуу тең төрагасы болуп шайланды. Бул тууралуу ЛИффТ адабий фестивалынын башчысы Маргарита Аль билдирди.

Сыйлык тапшыруу аземи Москва шаарында Мамлекеттик Думада Эл аралык фестивалдардын адабий фестивалынын алкагында өттү.

“Мен бардык сыйлыктарды өзүмдүн көп улуттуу Кыргызстан элиме арнайм” деди акыркы бир жыл ичинде үч дүйнөлүк маанилүү уюмду жетектеген Ассоль Молдокматова.
Маалым болгондой, көптөгөн өлкөлөрдүн жазуучулары Ассоль Молдокматованы “Кыргызстандын Эл айымы” деп атап алышкан.

Аргумент.kg