Рыскелди Момбеков: «Атамбаев бир нерсе болсо мамлекет жооп берет»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Экс- президент Алмазбек Атамбаевдин абалы начарлап жатканы тууралуу кабар коомго жайылып, ал кишини аяган, ага ден соолук тилегендердин каттары интернет баракчаларында жазылып жатат. Атамбаевдин абалынын чын бышыгын билүүгө да кызыккандар жок эмес. Андыктан  абалын билүүгө кирген алты депутаттын ичинен Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков журналистерге ачыгын айтты.
«Ал киши «абалым жакшы» дегени менен ден соолугу начар экени көрүнүп эле турду. Жолугушууда УКМКнын алдына чыккан тарапташтары үчүн сарсанаа болуп жатканын айтты. Ошондой эле анын абалына кабатыр болуп жаткан элге ыраазычылык билдирип коюуну өтүндү. Атамбаев тарапташтарына козголгон кылмыш иши аны катуу ойго салып, ушундай акыбалга жеткиргенин билдирди. Ал ден соолугуна колунан келишинче кам көрүүдө. Күндүз спортзалга барып жатам дейт. Кан басымы кечкисин төмөндөп жатыптыр. Жолугушууда партиянын ичиндеги иштер тууралуу да сүйлөшүүлөр болду», — деди Момбеков.
Депутат сөз арасында  бийлик биринчи кезекте Атамбаевдин абалына камкордук көрүш керектигин, бир нерсе болсо жоопкерчилик алардын мойнунда болорун кошумчалады.
Булак: kompromiss.kg

Аргумент.kg