Рустам Мамановдун чагымчылдыгы…

Ушул Рустам Мамановдун жоругу бүтпөс болду. Жогорку Кеңештин депутаты өзүнүн өкүл баласы менен мушташа турганын журналист Аслан Сартбаевдин оозу аркылуу кабарлады Аслан мырза Рустам Азис менен мушташмакчы болуп, мончодо күтүп жатканын Фейсбук баракчасына жазды. Минтип Рустам мырза түштүктөн чыккан тың чыкмаларга тиш кайрап, өзүн өзгөлөрдөн жогору койгонун качан токтотот? Же эмне баарынан кыйын көрүнгүсү келеби? Антейин десен, рингге чакыргандардын алдында бетме-бет жолукканда шүмүрөйүп калаарын көргөн-билгендер кеп кылып эле жүрүшөт. Анан неге чагымчылдык кыла берет? Эсине келбейби эми, жаш бала болбогондон кийин…
Булак: “Фабула”

Аргумент.kg