Руслан Казакбаев чукул билдирүү жасады

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Мигранттардын эл аралык күнүнө карата Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Р.А.Казакбаевдин 2020-жылдын 18-декабрындагы билдирүүсү​
Урматтуу мекендештер!
Бүгүн бардык дүйнө жүзү боюнча Мигранттардын эл аралык күнү белгиленип жатат. Бул күнү биз чет жерде жүргөн мекендештерибиздин жетишкендиктерин таанып билебиз жана аны ыраазычылык менен белгилейбиз. Биз көчмөн жашоонун оордугун, жаңы жерге, тууган-урук жана жакындардан алыс турган башка өлкөдөгү жашоонун жагымсыз шарттарына ыңгайлашуу зарылдыгын жакшы түшүнөбүз. Сиздерге дүйнө жүзүнүн бардык жеринде дипломаттардын жардамга келүүгө даяр экенин дагы бир жолу тастыктайбыз.
ϴзүңүздөрдүн үй-бүлө мүчөлөрүн колдоо аркылуу өлкөдөгү жакырчылыкты жеңүүгө жана толугу менен Кыргыз Республикасынын экономикасына өз эмгегиңиздер менен кошкон баа жеткис салымыңыздар үчүн өзүмдүн ыраазычылыгымды билдирем. Чет өлкөдөн иш издөөгө муктаж болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын көпчүлүгү муну жакындары, көбүнчө камкорунда турган: кары ата-энелеринин, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген туугандарынын, балдарынын жакшы келечеги үчүн жасап жатышканын биз билебиз. Кам көрүүгө жана боорукерликке болгон мындай жөндөмдүүлүк — тууган-уругу жана жакындары үчүн жоопкерчиликтин, баатырдык көрүнүштүн, чет жерде жашоонун бардык катаалдыктарын жеңүүгө болгон даярдыктын эң бир жогорку чегинин көрсөткүчү. Биз Кыргызстандын жашоосу үчүн мыкты шарттарды түзүүгө умтулууда сиздер менен тилектешпиз жана Кыргызстандын уул-кыздарынын өлкөгө кайтуу күнүнүн жакындашын жана өлкөнү кайра жаралышына, анын мындан аркы социалдык- экономикалык жана маданий-гуманитардык өнүгүшүнө өз салымдарын кошууну улантууга өздөрүнүн жөндөмдүүлүгүн, күчүн жана энергиясын багытташын каалайбыз.
Миграция менен өнүгүүнүн ортосунда түздөн-түз байланыш бар. Чет өлкөгө келүү менен мекендештер кесиптик тажрыйбаларды билимди, көндүмдөрдү жана жаңы байланыштарды алышат, дүйнөлүк маданият менен таанышат, дүйнө таанымы артат, эң башкысы алар миграциядан өлкөгө кайтканда инвестиция жасай алышат. 2020-жылы COVID-19 пандемиясынан улам эл аралык карым-катташтар кескин чектелүүгө дуушар болду. Натыйжада мамлекеттик чек аралар жабылды, эл аралык транспорттук каттамдар глобалдуу түрдө кыскарды, биздин жарандардын киреше булактарынын жоктугу оор абалды жаратты, жардамга муктаж болушту, мекенге кайтууга көмөк көрсөтүүнү күтүштү. Жыл ичинде Тышкы иштер министрлиги дүйнө жүзүндөгү диаспорлордун активисттери менен бирдикте чет өлкөдөгү КРнын жарандарынын аярлуу категорияларынын укуктарын жана кызыкчылыкдарын коргоо боюнча чоң иштерди жасады, кыргызстандыктарды эвакуация кылды, эл аралык транспорттук маршруттарды калыбына келтирди, пандемиянын кесепеттери менен күрөшүү үчүн Кыргызстанга техникалык, финансылык жана гуманитардык жардамдарды тартты. Биз чет өлкөдөгү ар бир биздин элчиликке жана консулдарыбызга өздөрүнчө уюшуп алып келген бардык ыктыярчыларга ыраазычылык билдиребиз. Мекендештерибизге болгон бул колдоолор жана жардамдар мыкты келечек, гүлдөп өсүү жолунда биргелешип аракеттенүү зарылдыгы, бардык кыйынчылыктарга жана коркунучтарга биримдикте каршы туруу биздин бекемдигибиз жана жөндөмдүүлүгүбүз экенине биздин ишенимди арттырды.

Аргумент.kg