Руслан Абасовдун өлүмүнө Журат Абдуллаевдин тийешеси барбы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Белгилүү спортсмен Руслан Абасовду жардырып өлтүрүүгө «Гавайи» эс алуу комплексинин ээси Журат Абдуллаевдин катыштыгы бар экени, кылмыш иши ачыла баштаганда Мелис Турганбаев баш болгон формачандар кийлигишип, жаптырып салышканы аныкпы?

Иш жүзүндө будамайланганбы? Албетте, суроолорду кабыргасынан коёлу.

Эске салсак, 2014-жылы Руслан Абасовду машинасы менен жардырып жиберишкен. Маркум менен Журат жер талашып, чатакташып жүргөнү белгилүү эле.

Натыйжада, аягы трагедия менен аяктаган. Өкүнүчтүүсү, тергөө адилеттүү түрдө аягына чыккан эмес. Бул боюнча көп версиялар айтылып келет.

Агезде милицияны бийлеп турган Мелис Турганбаев менен Калыбек Сатыбалдиев өзүм билемдикке салышканбы? Журат Абдуллаевдин миллиондоруна азгырылуу менен Руслан Абасовдун өлүмүн ачтырбай коюшканбы, «Гавайиде» эс алып, чардап жүрүшкөнү бекер жерден эмес го?

Көп негиздер бар. Кыргызда «кан коë бербейт» дейт. Эми чекесинен түйүнү чечилсе…

Булак: Азия News гезити

Аргумент.kg