Рубль тагдыры кантет?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Россиянын рублинин курсунун кескин түшүп кетиши биздин өлкөбүзгө да түздөн-түз таасирин тийгизүүдө. Оюбузду анча-мынча цифралар менен бекемдей кетели. 2018-жылы республиканын бюджети 1 млр. 700 млн. АКШ долларына барабар болгон. Ошол эле учурда Россияда жүргөн кыргыз мигранттары 2млр.170 млн. АКШ доллары өлчөмүндө акча которгон. Демек дал ошол акчалар өлкөдөгү экономикалык ахыбалдагы кескин төмөндөөдөн сактап калган. Азыр болсо рублдин курсунун түшүп кетиши ошол эле мигранттар тапкан акчага терс таасир тийгизип жатпайбы. Рублдин кескин түшүп кетишин аналитиктер үч негизги фактордон көрүп жатышат. Россия Укранина чатагынан улам Россияга батыш тарабынан коюлган санкциялар негизги таасир этүүчү күч катары көрүнүүдө. Экинчи фактор катары Россиянын энергия ресурстарынын Европага экспорттолушунун азайышын айтышууда. Ал эми үчүнчү фактор АКШ долларынын курсунун күчөп кетишин айтышууда. Эми эмне болот?- деген суроону биздин өлкө үчүн да мааниси чоң болуп турат. Ошол эле аналитиктер жылдын аягына чейин РФнын рубли позицияларын оңдойт деп айтышууда. Анткени биринчи Россия Украина чатагын бир жаңсыл жагына чечүү мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу. Анын үстүнө жакынкы учурларда Россия менен Украинанын эң жогорку жетекчилеринин жолугушуусу реалдуу боло турган окуяга айланууда. Мындай жолугушуу чыр-чатактын жөнгө салынышына сөзсүз өбөлгө түзөт. Ошондой эле Россияга санкция жарыялоодо АКШ менен Батыш Европанын ортосундагы пикир келишпестик да күчөгөндөн күчөп баратат. Европага газ менен мунайзатты сатуудагы жолго түшчү өңдөнүүдө. Анткени Батыш европанын жетекчилери Россиянын газы менен мунайзатына талап мурдагыдай эле күчтүү экенин ачык айтышууда. Ушундай факторлор өтө катуу санкцияларга карабай Россиянын экономикасын кескин төмөндөп кетүүдөн сактап калат. Андан сырткары Россия да эгерде биздин энергия ресурстан батыш өлкөлөрү баш тартса биз Кытай, Индия өңдүү ири рынокторду да пайдаланабыз деп ачык айтып жиберишти. Мындай маселе албетте рублга оң таасир тийгизет. Биздин өлкөбүздө рублдун түшүп кетиши кыргыз эмгек мигранттарынын массалык түрдө мекенине кайтып келүүсүнө аргасыз кылат деп айтылууда. Бирок андай картина эч кандай байкала да элек. Рубл түшүп кетсе да Россиядагыдай айлыкты мигранттар мекенинен таба албайт. Рубл үчүн дагы бир жагымдуу фактор мунайзатка болгон баанын өсүп жатышы. Мунайзатты ири экспорттоочу катары Россиянын экономикасына бул таасир сөзсүз оң таасир тийгизет. Андан сырткары Россиядагы ички мүмкүнчүлүктөрүн кайрадан кылдат эсептеп чыгууда. Аналитиктер рубл дароо эле калыбына келбесин да айтышууда. Эгер убакыт менен  өлчөсөк Россиялык акча үчүн ыңгайлуу мезгил күздүн октябрь, ноябрь айларына туура келиши мүмкун болуп турат. Демек рублдун татаал да катаал да мезгили ушул жыл менен аякташы толук мүмкүндүгүн аналитиктер эсептеп беришүүдө. Демек ушул эле жыл ичинде биздин эмгек мигранттарынын тапкан ташыган каражатарынын куну толук түшуп кетти деп эсептешке болбойт. Ал жыл аягына чейин кайра калыбына келет.

Ыйлайым ошондой болсун.

Булак: Аrgument.kg

Аргумент.kg