Өрттүн кесепетинен бир адам каза болду

Өрттүн кесепетинен бир адам каза болду

14-бирдин айы, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Чүй облусунун Аламүдүн районунда өрттөн бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Өрт Беш-Күңгөй айылындагы Таранчиев көчөсүндө жеке турак жайдан чыккан. Окуянын кесепетинен 25 чарчы метр бөлмө күйгөн.

Өрт болгон жерден 36 жаштагы адамдын жансыз денеси табылган. Ал көмүр кычкыл газына ууланган.