Роза Аманова акын Бактыгүл Сейитбекованы уулу Алихан менен кошо каматып салды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Эл сыйлаган Роза Аманова өзүнүн жердеши Токтогулдук акын Бактыгүл Сейитбекова менен жалгыз уулунун үстүнөн арыз жазып, каматып жиберди. Акын менен уулунун баш коргоо чарасы бүгүн Октябрь райондук сотунда каралып, 2 айга камоо чечимм чыкты.

Токтогулдук аттуу-баштуу, кыргызга төбөсү көрүнгөн инсандар барып Роза Амановага телефон чалып ала албай коюшту. Эл артистинин мындай кадамга барышын көпчүлүк эл туура эмес көрүп, интернет желелеринде Амановага нааразычылыгын билдиришүүдө.

Азырынча Токтогулдун таланттуу эки кызынын чыры Токтогул районунда жайгашкан мал базарга байланыштуу экендиги маалым.

Булак: Abal.kg

Аргумент.kg