Россиянын атын булгап, орус тилине каршы чыккан, Акүйдүн дубалын тешкен Алишер Козуевдин жоруктары

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ушундай. Ошто “Россия Нефть” деп май куюучу жайларды ачып алып, мыйзамсыз бензин ташыгандардын кылыктары узун элдин учуна угулууда. Бул таризинде тийешелүү органдардан бери аралашып, шек жаратканы ыраспы? “Шибегени капка ката албайсың” дейт. Депутат Алишер Козуевге караштуу “Россия Нефть” компаниясы Казакстандан ташылган контрабандалык бензиндерди сатып атса, бул жагынан шек кетсе, эмне үчүн ачык текшерүүгө алынбайт? Албетте, келечекте көп суроолорго жооп табылса керек. Эң кызыгы, өткөн жумада Алишер Козуев орус тилине каршы чыгып сүйлөдү. Ашкере улутчулдай көрүнгөнү менен кыйла сынга кабылды. Бул жагынан башаламандыкты карачы: “Россия Нефть” деген аталышты пайдаланып пул таап, анан расмий тилге каршы чыгат. Кош стандарттуулук бекен? Канча жүзү бар? Эмнеге Россиянын атын булгап, былгытып жатат?.. Баса, дагы бир жагдайга келсек, Алишер Козуев былтыр депутат болгондо коллегалары менен кабинетин жарыша ремонт жасатып, Акүйдүн негизги дубалынан бери тештирип жибергени эмнеси? Бул боюнча мамлекеттик курулуштан бери адистер келишип, чатак чыгып, акыры “жең ичинен” басыштыбы? Көпкөлөң тарткан бала стратегиялык имаратка жарака кетирсе, аягын кандай элестетесиңер? Айтор, арам байлыкка манчыркаган бир билимсиздин айынан канчалаган көйгөйлөр чыгууда? Бул эми бери эле жагы го…

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg