Россияда кыргызстандык таксист 34 жаштагы келинди зордуктап качып кеткен

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Полиция Невский районунда cанкт-петербургдук аялды зордуктоого шектелген Кыргыз жаранын издеп жатат. Бул тууралуу Орус ЖМКлары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, окуя 4-сентябрда болгон. Таңга маал 34 жаштагы жергиликтүү тургун полицияга кайрылган. Ал Шелгунов көчөсү менен үйгө жетүү үчүн такси чакырганын, ал мас абалында уктап калгандыктан, айдоочу андан пайдаланып, зордуктап салганын айткан.

Кылмышка шектелип, Ленинград облусунун Волхов районунда убактылуу каттоодо турган 30 жаштагы мигрант издөөгө алынган. Кол салган адам боюнча көрсөтмө бардык полиция бөлүмдөрүнө жөнөтүлгөн. Кылмыш ишин козгоо маселеси чечилүүдө.

Аргумент.kg