Россия, Кытай, Индия. Доллар тагдыры чечилет.

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

20-кылымдын аягы, 21-кылымдын башында азиянын эки гигант өлкөсү Кытай менен Индиянын экономикасы кескин түрдө алдыга кетти. Маселен, Кытайдын ички дүң продукциясы 17 триллион доллардан ашкан. Ал эми Индия экономикасы артта калган өлкөлөрдөн 3-орунга жетти. Кытайдын азыркы жетекчиси Ци Зи Пин бийлигине киришип жатып, негизги милдети катары өлкөнүн юань акчасын АКШ долларынын ордуна эл аралык валюта деңгээлине жеткирүүнү көздөгөн. Ошону ишке ашыруу үчүн эң ири өнөктөшу Россия менен чоң суммадагы сооданы доллар аркылуу эмес, өздөрүнүн валюталары менен эсептешүүгө өтүштү.
Бул алгачкы долларга урулган сокку эле. Бирок эл аралык финансы аналитиктери долларды оңой эле алмаштырып коюу мүмкүн эместигине басым жасашууда. Ошентсе да ири өлкөлөрдүн өз ара соодада доллардан баш тартуусу көп нерсени айгинелеп турат. Германиялык аналитик долларды алмаштыруу 2027-жылы гана ишке ашат деп билдирди. Эгерде жогорду аталган үч ири өлкө бириксе АКШнын экономикасы туруштук бере албай калуусу турмуш чындыгына айланат. Кыргызстан үчүн жөнөкөйлөтүп айта турган болсок, кыймылсыз жана техникалар доллар менен эмес, Россиянын рубли менен сатылып калуусу мүмкүн экенин кыйытышууда. Аты аталган үч өлкөнүн планетанын негизги маселелерин чечүүдөгү ролу уламдан-улан жогорулап барат.

Аrgument.kg

Аргумент.kg