РОССИЯДА КЫРГЫЗСТАНДЫН АЙДООЧУЛУК КҮБӨЛҮГҮН КОЛДОНУУГА ТЫЮУ САЛУУ БОЮНЧА ӨКМӨТ ТҮШҮНДҮРДҮ

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Россиянын аймагында Кыргызстандын улуттук айдоочулук күбөлүгүн колдонулуу мөөнөттөрүн узартуу мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты төмөндөгүлөрдү билдирет.
Россия Федерациясынын 1995-жылдын 10-декабрындагы № 196-ФЗ «Жол кыймылынын коопсуздугу» тууралуу Федералдык мыйзамынын 25 беренесиндеги 13 пунктуна ылайык, түздөн-түз транспорт каражаттарын башкарууга байланышкан ишкердик жана эмгек ишин жүзөгө ашыруу үчүн чет өлкөлүк же эл аралык айдоочу күбөлүгүнүн  негизинде транспорт айдоого уруксат берилбейт.
25 берененин 13 пункту 2017-жылдын 1-июнунан баштап күчүнө кирет (берене 2.1 бөлүк 3 07.05.2013 ж. Федералдык мыйзымы N 92-ФЗ (23.05.2015 ж. оңдолгон).
Белгилей кете турган болсок, 25 берененин 13 пункту бир нече жылдан бери кийинкиге калтырып келген. Бул аралыкта Россияда ишмердүүлүгүн жүргүзгөн көптөгөн кыргыз жарандары Россия Федерациясынын айдоочулук күбөлүгүн алганга жетишкен.
Россия Федерациясынын 1995-жылдын 10-декабрындагы № 196-ФЗ «Жол кыймылынын коопсуздугу» тууралуу Федералдык мыйзамынын 25 беренесиндеги 13 пункту, Россияда иштеген аз сандагы кыргыз жарандарына зыяны тийиши мүмкүн.
Бирок буга карабай Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2017-жылдын 31-мартында Евразия экономикалык коллегиясынын, коллегия мүчөсү (Министри) Минасян К.А атына  ЕЭК Коллегиясынын жыйынында Россиянын тышкы айдоо укугуна тыюу салуу жөнүндө маселени козгоо өтүнүчү менен кайрылган.
Аталган маселе ЕЭК Кеңешинин жыйынында каралары пландалууда.
Мындан сырткары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Россия Федерациясынын Өкмөтү менен  келип чыккан абалды чечүү боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
Булак: Каганат

Аргумент.kg