Россияда кыргызстандыктар менен тувалыктар мушташты

Россияда кыргызстандыктар менен тувалыктар мушташты

13-чын куран, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева
о Санкт-Петербург шаарынын борборунда Кыргызстан менен Тува Республикасынын жарандары мушташты. Бул тууралуу бүгүн 13-апрелде орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары укук коргоо органдарындагы булактарына шилтеме берүү менен жазышты.
  • Тува — Россия Федерациясынын карамагындагы республика.

Окуя 12-апрель күнү болжол менен саат 4:30 чамасында Садовая көчөсүндөгү «Money Honey» түнкү клубунун алдында болгон.

ЖМКдагы маалыматка караганда, муштуштын келип чыгышына аял киши себеп болгон. 4 адам бычактан жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Андан тышкары полиция кызматкерлери 20 адамды кармашты. Кылмыш ишин козгоо маселеси дагы каралууда.