Россияда кыргызстандык аял багып жаткан 2 жаштагы кыз чарчап калды

Россияда кыргызстандык аял багып жаткан 2 жаштагы кыз чарчап калды

01-бирдин айы, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Россиянын Ленинград облусунда 2 жаштагы кыздын өлүмү иликтенип жатат. Аны кыргызстандык аял багып жаткан. Бул тууралуу «REGNUM» маалымат агенттиги жазды.

Алдын ала маалыматка караганда, 2019-жылы төрөлгөн кыз бир нече айдан бери бала багуучусу — Кыргызстандын жараны менен Мурино шаарында жашап жаткан. Кыргызстандык аял кыздын апасына (Өзбекстандын жаранына) телефон чалып, баласы дем албай жатканын айткан. Өзбекстандык аял кызын такси менен Санкт-Петербург шаарындагы үйүнө алып кетип, ал жактан полиция кызматкерлерин чакырган. Учурда тергөө уланууда.