“Россияда кыргыздарды ишке орноштурсам жактырбай кетип калышты, эми кантем?”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

  Мындай пикирин Зыйна Бакирова аттуу мигрант аял жарыялаган: –
(өзгөртпөй беребиз)
“Өзбекстанда мыйзам бузгандарын аёсуз жазалайт, а бизде эшек жайлоого чыккандай эркелешип алышты.  Коридор ачылбайт, олтургула ошол жакта деп койсо жакшы болмок. Мен Пермдебиз ачка калдык деген 29 адамды Челябинскге алдырып келип жумушка офиц. орноштурсам , документтери (ИНН, СНИЛС, мед книжка, регистрация) даяр болгуча 15 күн өттү. 15 күн аларды иштете турган ишкана хостелге суткасына 300р төлөп, тамактарына акча берип багып келсе, жумушка чыкандан бир күн өткөндө мага звонок кылышып бул жумуш бизге жакпайт, бизди Новосибирге чакырып жатат, ошол жакка кете турган болдук деп күйгүзүштү. Эч нерсени түшүнбөгөн, только өз кызыкчылыктарын кана ойлогон адамдар көбөйүптүр бизде” –деди ал.

Аргумент.kg