
Рита Карасартова: Көп сүйлөгөнүм үчүн камакта калдым окшойт
20-чын куран, 2023-ж // Саясат // Айпери ОсмоналиеваКечээ, 19-апрелде Биринчи Май райондук соту Рита Карасартованы дагы эки айга камакта калтырды.
Укук коргоочу судьянын чечимине комментарий берди.
«Албетте, мен соттун мындай чечимине макул эмесмин. Бул эркиндик үчүн күрөш. Кемпир-Абад боюнча маалымат талап кылуу, өз оюмду ачык айтуу — бул биздин конституциялык укугубуз. Мен СИЗОдо калтырылган жалгыз аял болгондугума көп сүйлөгөнүм себеп болушу мүмкүн», — дейт Карасартова.
Эске салсак, 12-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту массалык баш аламандыкка даярдануу боюнча кармалган бир нече активисттин баш коргоо чарасын үй камагына өзгөрткөн.