Ресторанда кезектешип зордукташкан: 20 жаштагы жигит камакка алынды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

20 жаштагы жигит жашы жете элек кызды зордуктоого шектелүүдө, деп билдирди Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы.

Буга чейин жашы жете элек кыздын ата-энеси маалымат каражаттарына кайрылып, «Алтын казына» ресторанынын 2 кызматкерин зордуктоого айыпташкан.

Интернеттеги маалымат боюнча, 2 жигит жашы жете элек кызды ресторанда бир сутка кармап, кезектешип зордукташкан. Учурда «Алтын казына» ресторанынын администрациясы телефон чалууларга жооп бербей жатат.

Чүй ОИИББдин маалыматына караганда, 58 жаштагы аял милицияга кайрылып, 7- августка караган түнү Лебединовка айылында 2005-жылы туулган кызы зордукталганын айткан.

Милиция кызматкерлери тергөөгө чейинки текшерүү ишин жүргүзүп, андан соң Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин (Зордуктоо) 3-бөлүгүнүн 2-пункту менен кылмыш ишин козгогон.

Анын алкагында 2002-жылы туулган У.Э. камакка алынды. Бул окуя Чүй ОИИББдин жетекчилигинин көзөмөлүндө турат.

Аргумент.kg