Ректор Кожобеков акчанын күчү менен ОшМУга жасалма рейтинг жасадыбы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Соке сүйрөп жүрүп ректор кылган ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков деген бар. Өткөн жылы президенттин “Жогорку Кеңешке таза шайлоо өткөрүү жөнүндө” мыйзамын одоно бузганы үчүн кызматынан алынган. Аны ошол кездеги билим берүү министри Болотбек Купешов кожодой колдоп чуркап жүрүп, кайра ректорлук кызмат ордуна койдурган. “Кожобеков үчүн Купешов төшүн тосуп бергенинин себеби, ректорлук креслосун кайтарып алыш үчүн чоң суммадагы акча берген” деген да маалыматтар чынбы? Ушундай таза эмес иштери үчүн кызматтан кетпеди беле? Эми болсо жасалма рейтинг жасап, “ОшМУ гуманитардык, социалдык, педагогикалык, экономикалык илимдер боюнча мыкты” деп жар салууда. Аккредитация жана рейтинг боюнча көз карандысыз агенттик ушинтип баалаган экен. “Аны Кожобеков Казакстандан чакыртып, жакшы акча төлөп берген окшойт”, алар “аталган илим тармактары боюнча Кыргызстанда ОшМу алдыда” деп тыянак чыгарган. Адистерден сураштырып иликтеп көрсөк, “илимдин аталган багыттары боюнча ОшМУда колго илине турган адистери, илимий жыйынтыктары да жок. Илимий мектеби бар чоң окмуштуулардын баардыгы Бишкекте болсо, ОшМУ кайдан алдыга чыгат?” дешти.

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg