Рейд учурунда мас абалда унаа айдаган айдоочулар кармалды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ош шаарында өткөрүлгөн «Крутой» рейдинин жүрүшүндө 600 протокол түзүлдү. Бул тууралуу Ош шаары боюнча Милициянын кайгуул кызматы бөлүмүнө билдиришти.
Ушул жылдын 25-26-февраль күндөрү Ош шаардык ички иштер башкармалыгы боюнча милициянын кайгуул кызматы «Крутой» аталышындагы рейд өткөргөн.
«Крутой» рейди жол унаа кырсыктарын алдын алууга, жол эрежелерин сактоого багытталган.
Рейддин алкагында жалпы 600 протокол түзүлдү. Анын ичинен айып короого 40 унаа токтотулду. Унаанын айнектерин караңгылатуу боюнча 10 протокол, айдоочунун тишелүү макылдашуусу жок кошумча жабдык орнотуп алгандарга 4 протокол, мас абалында унаа башкарган айдоочуларга 15 протокол, жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдөн туура эмес өткөн жарандарга 25 протокол, транспорт каражаттарын, айдоочулардын жол кыймылынын эрежелерин бузган жарандарга 300 протокол, жол тескөөчүсүнө баш ийбеген жаранга 1 протокол, тиешелүү документтери жок айдоочуларга 15 протокол, башка эрежелерди бузган айдоочуларга дагы бир канча протоколдор түзүлдү.

 

Аргумент.kg