Референдум. Кол топтоо 27-апрелде башталат!

Урматтуу кыргыз элим!
Эгемен эл болгонубуздан бери 19 жылдын жүзү ашты, төрт жолу президент алмашты (өткөөл мезгилдеги президент Роза Отунбаеваны кошкондо — беш), бирок, эмнегедир элдин турмушу ордунан жылбай жатат. 2005-ж. март, 2010-ж. апрель окуяларынан кийин элде чоң үмүт пайда болгон. Жада калса, 1,5 жыл мурда президент болуп шайланган Сооронбай Жээнбековдон дагы эл көп нерсени күтүп келет; Анткен менен, муз дагы деле ордунда тоңуп турат. Мунун себеби эмнеде? Баары — мамлекеттик башкаруу сисгемасында. Тагыраагы, бизге таңууланган саясий системанын өзүн актабагандыгында. Карап көрсөңөр, булар башкарган менен, эч кимде жоопкерчилик жок. Баары өз көмүчүнө кул тарткан заманда жашап жаткан учурубуз. Жоопкерчиликсиз саясий системаны өзгөртпөсөк, келечегибиз туңгуюкта экендигин азыр жашырбай айтууга учур келди. Биз башкаруунун так моделин тандап, алдыга карай жол тартканда гана турмушубуз оңолот. Бардык өлкөлөр же президенттик, же парламенттик, же аралаш система менен жашайт. А бизде элде жок, таптакыр жоопкерчиликсиз, бир ууч топтун гана кызыкчылыгын көздөгөн башкаруу системасы орноп калган.  Мына ушул жоопкерчиликсиз, Кыргызстандын Өнүгүүсүн артка тарткан системаны өзгөртүүгө чоң мүмкүнчүлүк жаралды. Бул Элдик курулай тарабынан демилгеленген мамлекеттин башкаруу системасын так аныктап, алга жылдырууну көздөгөн бүткүл элдик референдум 27-апрелде Экинчи Элдик курултайда референдум өткөзүү  үчүн кол топтоо башталат. Демилгечи топ атайын Адилет министрлигинин күбөлүгүн алдык. Элим, кайдыгер карабаңыздар, келечекти чогуу аныктайлы!
Айбек МЫРЗА (Айбек БУЗУРМАНКУЛОВ), Демилгечи топтун төрагасы
Демилгечи топтун курамы:
1) Бузурманкулов Айбек Мырзакеримович
— төрага
2) Бекназаров Азимбек Анаркулович ~ төраганьш орун басары
3) Дүйшеев Кубанычбек Турдумамбетович
— төраганын орун басары
4) Бабаназаров Уланбек Жолдошович
5) Турков Мунарбек Максатбекович
6) Конушбаев Бактияр Нарынбекович
7) Калыков Мамашарип Тажидинович
8) Сатаров Токтомурат
9) Дубанаев Болотбек Турдалиевич
10) Алымжанов Айбек Орозбекович
11) Молдоисаев Нарынбек Советович
12) Казакбаев Максатбек Дайырбекович
БУЛАК: Майдан.кж

Аргумент.kg