Равшан Жээнбеков: «Таалай Дүйшөнбиевди эмес, мени камагыла»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Саясатчы жана Next TV телеканалынын ээси Равшан Жээнбеков телеканалдын директору Таалай Дүйшөнбиевди коргоп, билдирүү жасады. Бул тууралуу Жээнбеков Фейсбук баракчасына жазды.

Белгилей кетсек, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети  NEXT TV телеканалына «улут аралык кастыкты козутту» деп кылмыш ишин козгогон.

Ал эми, кечээ 3-март күнү УКМК телеканалдын директору Таалай Дүйшөнбиевди камаганы маалым болгон.

«Акыры себеп табышты. Эфирди өчүрүп, директор Таалай Дүйшөнбиевди кармашты. Камчы [Ташиев], бул жерде Next TV’нын директорунун эмне тиешеси бар? Ээси менмин да, мени кармагыла», — деп жазды саясатчы.

Аргумент.kg