Равшан Жээнбеков: «Оппозициялык күчтөр чарчады, тажады»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

— Эмне үчүн оппозициянын биримдиги, таасири сезилбей атат? Кыргыз саясатында дайыма талаш-тартыш, тирешүүлөр орун алчу эле го?

Бийликке карата сын-пикирлер айтылып турса, түздөнүүгө, өнүгүүгө бет алабыз да, туурабы? Күчтүү оппозиция түзүлөбү же?..

— Бийлик болгон жерде сөзсүз оппозиция болушу керек. Саясый атаандаштыгы бар өлкөлөр баары эртели-кеч өнүгүү үстүндө болуп, мыкты улутка айланат. Тилекке каршы, биздин коомдун көпчүлүгү оппозицияны чанда гана колдобосо, көп убакта колдобойт.

Бийликтин сөзүн сүйлөйт. Ошондуктан парламентке жалпысынан бийликти колдогон депутаттар келишти. Көз каранды парламент түзүлдү. Оппозициялык күчтөр чарчашты, мүмкүн тажашты.

Экинчи жагынан, бийликтин басымына, куугунтуктарына да баары эле чыдай беришпейт. Оппозиция болуу Кыргызстанда чоң эрдик. Ушунча басымды, жакындарынын куугунтугун көтөрүп жашоо, түрмөгө отуруу өтө оор Коом оппозициядагы саясатчыларды колдогонду, баалаганды үйрөнүшү зарыл.

Себеби, бул өлкөнүн өнүгүүсү, стабилдүүлүгү үчүн керек институт. Менимче, азыр оппозиция жок. Бирок, бул «таптакыр эле жок болду» дегенди түшүндүрбөйт. Азыркы оор социалдык экономикалык, саясый абал, оппозицияга болуп аткан куугунтук сөзсүз мурда болуп көрбөгөндөй күчтүү жана бириккен оппозицияны жаратат. Кыргызстанда оппозиция болчу саясатчылар жана жарандар жеткиликтүү.

Булак: Азия News гезити

Аргумент.kg