Жээнбеков Равшан Бабырбекович 28-майда өтө турган Ленин бир мандаттуу округундагы Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого карата талапкерлигин көрсөттү.
Ал 25-апрелде Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына арыз менен кайрылган.
Ленин округундагы депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 27-апрелде аяктайт.
Равшан Жээнбеков учурда камакта кармалууда. Ал массалык башаламандык уюштурууга даярдануу беренеси менен айыпталууда.