Равшан Жээнбеков уулуна өлкөдөн чыгууга тыюу салынганын билдирди

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) уулу Азат Равшандын Кыргызстандан чыгышына тыюу салганын билдирди. 15 жылдай убакыттан бери АКШда жашап, иштеп жүргөн Азат Равшан атасы камакка алынганда Кыргызстанга келип, жумушун үйдөн улантып жүргөн.

Анын айтымында, атайын кызмат мындай чечимдин себебин түшүндүргөн эмес. УКМК бул маалыматка азырынча комментарий бере элек.

Равшан Жээнбеков 2019-жылы Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, камакка алынган. 2020-жылы парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда бошотулган. Бирок, «үй камагынын талаптарын бузду» деген негизде быйыл 5-августта кайра №1 тергөө абагына камакка алынган. 2021-жылдын декабрында бошотулган.

Ал ээлик кылган Next TV каналынын үстүнөн «такталбаган маалыматты таратты» деген негизде быйыл марттын башында кылмыш иши козголуп, териштирүү уланууда. Азат Равшан 1-апрелде УКМКга күбө катары сурак берип чыккан.

Аргумент.kg