Равшан Жээнбеков: “Чоң максат койгон саясатчыны бир дагы авторитардык режим сындыра албайт”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

— Равшан мырза, Акаев бийлигинен баштап, баардык президенттерге оппозиция болуп келатасыз. Себебин айтсаңыз? Сиз менен тил табышуу оорбу?

— Менин каным, жаным жана көз карашым толугу менен эркиндикке байланышкан. Кичинекей кезимден ата-энем чоң атама берип коюшкан экен. Чоң атам Субан, чоң апам Кумай менин эркиндикке сугарылышыма себеп болушкан. Алар мени эркин сүйлөтүп, тоскоолдуксуз ой жүгүртүүгө, эркин кадам таштаганга эки айымдан баштап тарбиялашкан. Чоң атам менен чоң энемдин эрке небереси элем. Кичинемен өз көз карашым үчүн күрөшүп, керек маалда айылда улуу класстагы жигиттер менен мушташкан учурлар көп болгон. Чоң атам менен чоң апамдын тарбиясы бүгүнкүгө чейин багыт берип, жол көрсөтүп келе жатат. Буга кошумча, атам Бабырбек, апам Санембүбү дагы айткандарын бербеген, өз ойлору, көз караштар үчүн дайыма талашып күрөшкөн адамдар болчу. Ушундай ген жана тарбия ата-бабаларымдан калса керек.

Өзүм эч убакта кимдир бирөөнүн жекелигине өтүп, саясый күнөө койгум келбейт. Мен болгону Кыргызстанды туруктуу, системалуу өзгөрүүлөргө алып келгим келет. Менин максатым – өлкөбүздү эркин, адилеттүү мамлекет кылуу. Ушул баалуулуктар, максаттар үчүн күрөшүүдө, тилекке каршы, баардык авторитардык президенттер менен эки башка жээкте калып атам. Эркиндикти, адам укугун басмырлаган бийлик менен эч убакытта тил табышкым келбейт.

— Чарчай элексизби?

— Саясат баардык эле өлкөлөргө тез жемишин бербейт. Ошондой эле кыргыз саясаты дагы узак жана өтө оор көптөгөн кыйынчылыктар, тосколдуктар менен өнүгүүдө. Турмушумдун бир күнүндө өзүм үчүн чечим кабыл алгам, “өмүрүмдү Кыргызстанды эркин жана демократиялуу өлкө болушуна арнайм” деп. Эгерде узун стратегиялуу чечим кабыл алсаң, анда саясаттан чарчабайсың, коркпойсуң. Себеби, алдыга койгон чоң максатым бар. Көзүм өткөнчө адилеттүүлүк, эркиндик жана мыкты мамлекет куруу үчүн күрөшөм.

— Оппозицияга эмгек сиңирдиңизби?

— Кыргызстанда кээ бир адамдар оппозициялык саясатчыларды бийликке кошулуп жамандап, тебелеп калышат. Коом, мамлекет оппозиция үчүн айлык төлөбөйт. Эч нерсесин жоготпойт. Оппозиция болуу Кыргызстанда өтө оор экенин элес алышпайт. Өлкө үчүн оппозиция аба менен суудай керек экенин дагы аңдашпайт. Бир убакыт келет, ошондо коом мыкты мамлекет куруу үчүн оппозиция эң маанилүү институт экенин түшүнүшөт. Күчтүү оппозициясы бар мамлекет – бул мыкты мамлекет.

Кыргызстанда саналуу гана профессионал саясатчылар бар. Алар бийликте же оппозицияда болобу, дайыма саясатта активдүү. Менин көз карашымда, бизге окшогон авторитардык өлкөдө бийликке караганда оппозициялык саясатчылар өлкө үчүн көбүрөөк пайда алып келишет. Себеби алар саясый атаандаштык, эркиндик, бийликтин зөөкүрлүгү, коррупциясы жана эффективсиздиги менен күрөшүшөт. Ушул күрөш аркылуу өлкөнүн келечегине салым кошушат. Мен үчүн азыр бирөөлөргө жакса-жакпаса дагы К.Сооронкулова, Р.Карасартова, П.Суранова, Б.Асанов, К.Дүйшөбаев, У.Маматаев, И.Исаков, Б.Талгарбековдор өлкө үчүн маанилүү миссияны аткарып атышат деп эсептейм. Мен ошолордун биримин.

— Жашооңуздун маңызы эмнеде?

— Менин инсан катары эки приоритетим бар. Биринчиси, жакшы балдарды тарбиялоо. Себеби алар биздин жеке адам катары да, улут катары дагы келечегибиз. Экинчиси, чоң максатка кызмат кылуу. Ал жогоруда айткандай, эркин, ар бир жаран үчүн адилеттүү мамлекет куруу.

— Куугунтук, кордук көрүүнүн жыргалы барбы?

— Мен эки жолу түрмөгө түшүп, бир нерсеге так көзүм жетти. Чоң максат койгон саясатчыны бир дагы авторитардык режим сындыра албайт. Ага далил катары Нельсон Мандела, Махатма Ганди, Михаил Саакашвили, Никол Пашинян жана Мустафа Жемилевдерди айтсак болот. Алар жөнүндө көп окуп, М.Жемилев менен М.Саакашвилини жеке таанып, сүйлөшүп, көп нерселерди үйрөндүм. Бир топ жолу түрмөнү, ондогон кылмыш иштерди, дээрлик күндө соттук процесстерди, жакындарыма болгон куугунтук, басмырлоолорду башыман кечирип атып, жогорку аттары аталган адамдардан үлгү алам, үйрөнөм жана түндүн артынан күн келерин билем. Баарына чыдай аларымды дагы билем.

— Түрмөгө эки ирет камалганыңыз белгилүү. Майтарылбай, кайра күчөп атканыңызга канчалык эрк керек? Сырын айтсаңыз?

— Менимче, менде эки маанилүү компонент бар деп эсептейм. Менин ата-бабаларым, атам менен чоң атам жана эң чоң атабыз – саруу. Экинчиси, менин эбегейсиз максатым. Бул эки нерсе мага тирек болот, жол көргөзөт. Көз карашымдан баш тартпаганга шарт түзөт. Мен үчүн майтарылбай, туруктуу позиция менен өлкөгө кызмат кылуу – чоң кадыр-барк, балдарыма, неберелериме жана жакындарыма калтырчу эң негизги баалуулук.

— Түрмөдө жатканда кыздар түшкө кирчү беле?..

— Түрмө – бул мага окшогон эркиндик үчүн күрөшкөн адамга эркиндикти андан дагы жогору баалоого түртө турган жай. Түрмөдө арбын нерселерди, көп адамдарды баалайсың. Кээ бир адамдардан, кыйла нерселерден көңүлүң калат. Элес албаган адам баалуу болуп, баалап жүргөн адам баасын жоготуп коюшу мүмкүн.

Аял киши эркектин адаттагы турмушунда эң башкы ролду ойнойт. Төрт тарабың цемент, суук, жагымсыз дубалдын ичинде 24/7 отурганыңда аял кишинин орду андан дагы баалуу. Албетте, мен дагы баардык эле түрмөдөгү адамдар сыяктуу сиз айткан түштөрдү да, элестерин дагы далай көрдүм…

— Бийлик кызмат сунуштаса ойлонуп көрөсүзбү, же?..

— Мен азыркы бийликтин идеялык оппонентимин. Азыркы бийликтин жаратылышы, саясаты, көз карашы жана идеялары мага туура келбейт. Кандай гана кызмат болбосун, мени кызыктырбайт. Кээ бир өлкөдөгү конфликт жараткан маселелерди чечүү боюнча бийлик менен диалог майданына барууга даярмын. А булардын кызматы мени кызыктырбайт. Бийликке пикирлештер командасы, так программа менен гана келүү керек.

— Соңку убакта Канатбек Исаевге карата каралоо күч алды. Мындай “аракеттерди” кандайча чечмелейсиз?

— Азыркы бийликтин саясатка, өлкө башкарууга, саясый оппоненттерге мамилеси 90-жылдагы деңгээлде калыптыр. Мурдагыдай эле КТРКдан, жашыруун сайттардан жамандоо, каралоо болуп атат. Бул бир эле Канат Исаевге эмес, бийликке жакпаган баардык активисттерге жана саясатчыларга жасалууда. Азыркы бийлик примитивдүү, караңгы көз караштан кетсе, өздөрүнө жакшы болмок. Оппоненттерди жамандоонун ордуна принципиалдуу маселелер менен диалогго чакырып, улуттун биримдигине кадам таштаса туура болмок. Кыйын мезгил бийликтен дагы оор чечимдерди кабыл алууга түртөт. Жактырбаган адамдар менен сүйлөшүү, бетме-бет отуруу өтө оор. Ошентсе дагы баардыгыбыз ушуга аракет кылышыбыз керек.

— Сизди камагандан пайда жок экенин түшүнүштү окшойт. “Өлтүрүп кетет” деп кооптонбойсузбу?

— Кыргыз саясаты өтө оор жана ыплас экенин жакшы билем. Ошондуктан, өзүмдү психологиялык жактан эң жаман варианттарга дагы даярдап келем. Мындай нерсеге да даярмын десем жаңылышпайм. Эртели-кеч баарыбыз бул дүйнөдөн өтөбүз. Дээрлик коркунуч бар экендигин сезем.

Азыр бийликте отурган адамдын оозунан мен жана дагы бир белгилүү журналист жөнүндө мындай маселе айтылганын билем. Бирок, аны жакшы билген адам катарында токтолсом, алабарман, өзү көзөмөлдөй албай калган сөздөрүнүн бири гана болушу мүмкүн (!) деген үмүтүм бар.

Жакындарыма, саясый санаалаштарыма бул маалыматты алдын ала айтып койгом. Биле жүрүшсүн…

Саясый оппоненттерди жок кылуу кайсы гана бийликке болбосун оор жана кереги жок деп эсептейм. Себеби, ал бийликтин стратегиялык маселесин баары бир чечпейт. Ошентсе дагы, турмушта саясатчы жана адам катары баардык нерсеге даярмын.

Суроо салган Асланбек Сартбаев 

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg