Расул Үмбеталиев: «Энергетика кризисин улантпай, министр Доскул Бекмурзаев кетиши зарыл»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

— 9-мартка карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7 млрд. 994 млн. кубду түздү. Бул өтө төмөн көрсөткүч. 2010-жылдын жазындагыдай өчүрүүлөр күтүлбөйбү?

— 9-мартта Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 8 млрд. кубдан азайып кетти. 1-апрелге чейин дагы суу азаят. Ошондо Токтогул суу сактагычында болгону 7,5 млрд. куб суудан 2022-жылга жок дегенде 14 15 млрд. куб суу топтолуш керек. Эми андай болбойт. Анткени, биз өткөн жылы Казакстан менен келишим түзүп, жайкы, күзгү мезгилде Өзбекстан, Казакстандан 1 млрд. 650 млн. куб сууну алдык.

Ошондо биз үч жылга келишим түздүк. 2021-22-23-жылдары биз ошол 1-июлдан 1-сентябрга чейин жайкы мезгилде электр энергияны аларга кайтарып беришибиз шарт. Жыл бою 550 млн. кВт/саат, б.а. Өзбекстанга 250 млн. кВт/саат, Казакстанга 300 млн. кВт/ саатты жайкы мезгилде кайтарып беришибиз абзел. Жайкы мезгилде Казакстан менен Өзбекстан биздин электр энергияга муктаж эмес. Алар биздин сууга муктаж. Ошондо биз быйыл дагы, эмки жылы дагы сууну коңшу мамлекеттерге бергенге милдеттүүбүз жана муктажбыз.

— Энергетика министри Доскул Бекмурзаевдин учурда алып барып жаткан иштерине кандай көз караштасыз?

— Учурдагы энергетика министри Доскул Бекмурзаев өткөн жылы 8-июнда президенттин жарлыгы менен дайындалган. Андан бери тогуз ай өттү. Ошол тогуз ай ичинде «кескин түрдө реформа кылам, өзгөртүү жасайм, энергетика тармагын кризистен чыгарам!» деп убадасын берген. Бирок көзгө көрүнөрлүк иш аткарган жок.

Демек, кызматкер, министр, өкмөттүн мүчөсү өз убадасын аткарган жок. Ошонун негизинде министр отставкага кетиши керек.

Себеби, кризисти кайра улантып, энергетиканы оор акыбалга жеткирди. Биз 30 жыл аралыгында эч качан Өзбекстандан, Казакстандан, Түрмөнстандан электр энергия алган эмеспиз. Бул киши туура эмес иштеп, ушул абалга кептелип калдык. Мындай болбош керек. Азыр эми алардан электр энергия алганга муктаж болуп жатабыз.

Булак: Азия News гезити

Аргумент.kg