Райымдын төбөсүнө кара булут айланууда…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Райым миллиондун өзүнө ишенген тынч күндөрү бүтүп бараткан сыяктуу.  Аны бүгүн экинчи жолу УКМК суракка чакырууда. Чындап эле анын башына кара булут айлана баштадыбы?  Эгер ошондой болсо, анын себептери эмнеде?
Айрым бир билерман аналитиктердин айтымына карганда, бийликтин Райым Матраимовду колдоп коргой турган ресурсу бүтүп бараткан өңдөнөт. Андай аракеттер кызыл чектен ашып кетти. Эгер мындан ары аны калкалоо улантыла турган болсо, анда бийликке коомчулуктун көп катмарынын өкүлдөрүнүн нааразычылыгы күчөй берээри турган иш.
Окуя мындан ары кандай өнүгүшү мүмкүн?
Биринчиси:  жөн эле элди алагды кылып сурак жана башка аракеттер жүрө берет.  Бирок эч кандай натыйжа чыкпайт.
Экинчиси:  жарым жартылай натыйжа чыгаруу менен өгүз өлбөгөн, араба сынбаган чечимдер чыгат.
Үчүнчүсү:  укук коргоо органдары баардыгын тыкыр изилдеп ачыкка чыгарат да, күнөөсү далилденсе жазасын берет.
Бирок ушул үч варианттын кайсынысы ишке ашат азырынча эч ким ачык айта албайт.  Бир гана нерсе белгилүү болду.  Райым миллион бийликтин чекесине чыккан чыйкан бойдон калат.
Булак: ARGUMENT.KG

Аргумент.kg