Райымбек Матраимовдун колун ким өпкөнү белгилүү болду

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Социалдык тармактарда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, коррупция боюнча айыптуу деп табылган Райымбек Матраимовдун колун өпкөн адамдын видеосу тарады.

Матраимовдун колун өбүү учурунда анын жанында Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов, Савай айыл аймагынын мурдагы башчысы, Райымбек Матраимовдун өкүл баласы Мунарбек Сайпидинов жана Кылычбек Саркарбаев  болгон.

Видео Курсан Асановдун бир тууганынын баласынын үйлөнүү тоюнда тартылган.

Анда Райымбек Матраимовдун колун Кылычбек Саркарбаев өпкөндөн кийин аны менен кучакташканын көрүүгө болот.

Кылычбек Саркарбаев Ош шаарынын спорт комитетинин мурдагы директору. Ал 2020-жылы документтерди жасалмалоого айыпталып кармалган.

Саркарбаев мамлекетке 1 миллион сом төлөгөндөн кийин бошотулган.

Сотто ага карата коюлган айыптар тастыкталган эмес.

Аргумент.kg