Раиммиллиарддын Кыргызстандан 700 млн. доллар чыгарып кеткени тастыкталды…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы “Азаттыктын” иликтөөсү боюнча текшерүүнүн алгачкы жыйынтыгын жарыялады. Аталган мекеме тараткан маалыматта: 2010-2018-жылдары Saimaiti Aierken, «Абдыраз» жана «Wufuli Bumailiyamu» компанияларынын банктык эсептери аркылуу жалпысынан 646 миллион 879 миң 649 доллар чет өлкөлөргө жөнөтүлгөнү айтылат. Бирок бул акча Матраимовдорго тиешелүү деп ачык айтпады. Бол ири көлөмдөгү каражат: кездеме, мотор майы, тетик жана башка товарларды сатып алуу тууралуу контракттардын негизинде которулган деген жүйө келтиришкен. «Азаттыктын» иликтөөсүндө 700 миллион доллардын тегерегиндеги каражат Айэркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөн жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени, ушул эле адамдын атынан Исмаил Матраимов атындагы фондго 2,3 миллион доллар чет өлкөдөн кайра которулганы тууралуу айтылган эле. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы Исмаил Матраимов атындагы кайрымдуулук фондуна 2014-2019-жыл- дары 1 миллион 439 миң доллар жана 221 миң сом келип түшкөнүн да тастыктады. Акча келишимдердин негизинде фонддун банктык эсебине кайрымдуулук катары теменку жеке жана юридикалык жактардан которулган: — «Ж.М.» 10 000 доллар; — «М.Ч.» 10 000,00 доллар; — «W.B.» Стамбул шаары, 199 958,2 доллар; — «D.A.», Стамбул шаары 170 588,00 доллар; — «S.C.K.G.», Стамбул шаары 139 965,10 доллар; — «A.G.T.F.», Бириккен Араб Эмирликте- ри 159 965,00 доллар; — «А.А.», 0збекстан 499 950,00 доллар; — «R.J.», Стамбул шаары 199 760,20 доллар; — «Р.О.», Москва шаары 49 162,00 доллар; — «М.Р.»221 600,00 сом. Мындан тышкары Wufuli Bumailiyamu аттуу жарандан аталган фондго 100 миң доллар жана 99 миң 958 доллар которулганы тууралуу банктык документтер бар. Ал эми Saimaiti Aierken жана Wufuli Bumailiyamu деген адамдар Исмаил Матраимов атындагы фондго 2 миллион 338 миң доллар которгону тууралуу документтер тастыктала элек экендиги айтылууда.
БУЛАК: Багыт. кж
 

Аргумент.kg