Раимбек Матраимовду жоопко тартууга президенттин эрки жетеби?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Урматтуу Сооронбай Шарипович, биз сизди ыймандуу, адилеттүү жана чечкиндүү инсан катары билебиз. Кудайдын буйругу менен, кыргыз элинин колдоосу менен, басып өткөн таза жолуңуз менен Президент болууга жетиштиңиз. Албетте, уурдалып тонолгон, коррупцияга белчесинен баткан Кыр- гызстанды кабыл алуу, өлкөнүн экономикасына келтирилген зыяндын ордун толтуруу оңойго турбайт, бирок ошого карабастан уурдалган акчаларды кайрадан казынага түшүрүү, коррупционерлерди кустуруу багытында чечкиндүү кадамдарга барып жатасыз. Бирок, бизди жана коомчулукту таңкалтырган нерсе бул өлкөнүн башкы коррупционери атыккан экс-бажычы Раимбек Матраимовдун жоопко тартылбай жүргөну. Бул эргулдун коррупциялык схемасын Жогорку Кеңештин депутаттары, ЖМК өкүлдөрү буга чейин айтып келишти. Ал эми жакынкы күндөн бери анын схемасын экс ажо Атамбаев да айтып, сизге жабыштыра баштаганы кандай? Ал эми кечээ эле дагы бир экс-ажо Роза Отунбаева да Райымбек Матраимов боюнча айтып, коомчулук анын жоопко тартылышын күтүп жатат деп сиздин акырьңызга таш ыргытты. Буга улай, Бешинчи каналдын “бешинчиде бешөө” теле долбоорунда Генерал Артур Медетбеков менен Жүк ташуучулар биримдигинин төрагасы Темирбек Шабданалиев Раим Матраимовдун схемаларын фактылар менен ачык айтып чыгышты. Ал эми сиздин тапшырмаңыз менен Финпол Раим Матраимовдун мүлктөрүнө үч айдан бери текшерүү жүргүзүп жаткан чагы. Дал ушул жерден коомчулукта бүдөмүк ой пайда болуп жатат, бийлик ага катынып ал дегендей көмөк көрсөтүп, тешкерүүнү кечеңдетип жаткан жокпу деген. Болсо башкалар сыяктуу эле аны да камап анан текшерүүгө алса болбойт беле? Ансыз да Финполдун төрагасы Бакир Таиров Раимбек Матраимовдун көл баласы экенин ЖМКлар жазып чыкан. Анан анын кол баласы аны кармап бермек беле? Раимбек Матраимовдун коррупциялык схемасын карай келсек, ал иштеп чыккан схемалардын бири бул “спец-тариф”. Анын алкагында бир топ фирмаларды күч менен жаап, өзүнө караштуу беш фирманы калтырып, ошолор аркылуу баардык товарларды киргизип жатыптыр. Спецтариф дегени чек арага жакын бажы көзөмөлүнө акырындык менен өздөрүнө тиешелүү жыйылып калган 200- 300 машинелерди бир эле учурда, бир убакта эч кандай текшерүүсүз, көзөмөлсүз кое берип турган. Андан тышкары кирген товарлар бажы көзөмөлүнөн тряпка, керексиз материалдар катары каттоодон өтүп декларация толтурулса, иш жүзүндө ал фуралардын ичинде 300-400 миң долларлык товарлар кирип турган. Ошондой эле Кытайдан келген жүк ташуучу унааларды транзит деп, Тажикстан, Өзбекстанга кирди кылып документ тол- турушат. Аныгында ал унаалар Кыргызстандан чыкпайт, товар бизде калат. Болгону транзитке болбогон акча төлөнүп, бул жерден дагы миллиондогон акчалар уурдалып жатат. Мына ушундай шылуундук жол менен миллион-миллион деген акчаларды жөн келген экен,ТНПдан алып коюп. «Райым миллион» күнүнө 700-900 миң доллар таза киреше көрөөрү туралуу маттарды эксперттер ачык эле айтып жаты- шат. Эсептеп көргүлө айына 30 миллион доллар, ал эми бир жылда 900 миллион доллар Райымбек Матраимовдун жеке капчыгына кетип жатат. Ал эми биз мигранттар Орусияда ж.б өлкөлөрдө жыргаганыбыздан жүрөбүзбу? Биз дагы Кыргызстаныбызга барып, үй-бүлө бала-чакабыздын маңдайында жүргүбүз келет. Бирок тилекке каршы, куураган көр тирликтин айынан минтип бала жытына зар болуп, алыста иштеп жүрөбүз. Былтыркы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбеков утуп чыкты дегенде, төбөбүз көккө жетип кубанган элек, таза адам келди, ууруларды тыйып,өлкөнүн экономикасын көрөт, жумуш орундарын түзөт, эми биз элибизге кайтабыз деген зор үмүт пайда болгон. Анткени таза адам өлкөнү башкарса, өлкөдө өргө чыгуу орун алат эмеспи. Бирок Кыргызстандагы абалга кез чаптырсак, коомчулук* саясатчылар, депутаттар, керек болсо экс-ажолор Райымбек Матраимовдун коррупциялык схемаларын ачык айтып, анын камалышын талап кылып жатканына карабастан аны камоого эрки жетпеген бийликке ишеним артып болобу деген бүдөмүк ойго келет экенбиз. Анын сан жеткис уурулук жол менен тоногон миллиондорун кустуруп, өлкөнүн тышкы карызынан кутулуп, калганына ири-ишканаларды ачып, жумуш орундарын түзөө болбойт беле, бийликке да аброй алып келмек. Урматтуу Сооронбай Шарипович биздин баамыбызда Кыргызстанда Раим Матраимов боюнча сөз болгон сайын сиздин атыңызга сөз тийип, аброюңуз түшүп жаткандай. Биз терең ишенебиз, “өзү таза адамдын, ою таза” демекчи, жакынкы кундөрү баардык сынчылардын оозун таш каптырып, Раим Матраимовго карата чечкиндүү чара көрөт деп. Ps: Бүгүнкү кундө биз эмнеге күбө болуудабыз? 7-апрелде шейит
кеткен бир туугандарыбыздын үмүттөрү акталбай, Матраимовго окшогондор байыгандан байып, аларды калкалагандар тайраңдап жүрүшөт. Муну көргөндөрдүн кыжыры кайнап, коомчулукта бийликке карата нааразычылык күчөй башташы мүмкүн. Сиз бийликке келгени Раимбек Матраимовдун аты байма-бай аталып, ушундай абал түзүлүп жатканы жакшы көрүнүш эмес. Бардык нерсенин чеги бар эмеспи. Учурда саясый абалды курчутуп жаткан факторлор мына дал ушул Райымга окшогондор менен сиздин айланаңыздагы айрым адамдар экенин ар бир экинчи кыргызстандык айтат. Андыктан абалдын курчуп кетпеши үчүн ажобуз тез арада тегерегин тазалап, бир силкинип албаса шейит кеткендердин арбагы тынч жатпайт…
УРМАТТОО МЕНЕН ОРУСИЯДА ЗМГЕКТЕНИП ЖҮРГӨН МЕКЕНДЕШТЕР!
БУЛАК: Факты.кж

Аргумент.kg