Раим ден соолугуна шылтоолоп Түркияга качууга камданып жатат

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Мамлекеттин казынасына зыян келтирди деп кармалган Раим Матраимовдун кан басымы жогорулаганы тууралуу маалымат тараган. Көп өтпөй бул болгону саясий шахмат оюну экенин айтышып, эми кайра бошотот экен деген да кептер айтылып келет. Ал эми ак үйдөгү шыбыштардан улам жакынкы арада Матраимов кан басымына шылтоолоп, Түркияга чыгып кетүүгө кам көрүп жатыптыр. Калк айтса калп айтпайт дейт эмеспи, балким дарылануу шылтоосу менен сыртка чыга качып жазадан кутулам деген да пландар болсо керек. Матраимовду качыруу менен анын артында турган белгичиз фигуралар да икс боюнча калгысы келип качыруу камын ойлоп жатабы деген да күмөн ойлорду жазгандар жок эмес. Анткени буга чейин мамлекетти тоноп капчыгын кампайтып алган атка минерлердин көбү чет өлкөгө чыга качып, жазадан кутулуп кетишкени баарыбызга маалым. Бул маалыматтын чын-бышыгы жакынкы арада такталат деген ишенимдебиз.
АRGUMENT.KG

Аргумент.kg