Путин Жээнбековду президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Путин Жээнбековдун эки өлкөнүн мамилесин чыңдоого кошкон салымын белгилеп өткөн Россиянын президенти Владимир Путин Сооронбай Жээнбековду Кыргызстандын өлкө башчылыгына шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу Кремлдин сайтына жарыяланды.
Телеграммада Россиянын президенти шайлоонун жыйынтыктары Жээнбековдун эл арасындагы кадыр-баркы жогору экенин көрсөткөнүн айтып, анын эки өлкө ортосундагы биримдикти чыңдоого кошкон салымы Россияда жогору бааланып келерин белгилеген.

«Россия менен Кыргызстандын байланышы мындан дагы жакшырып, Евразия экономикалык биримдигинин алкагында конструктивдүү кызматташуу жүргүзүлөрүнө ишенем», — деген Путин.

Жээнбековду Россия өкмөтүнүн башчысы Дмитрий Медведев дагы куттуктаган.
«Жаңы кызматка келип, кыргыз-орус мамилелерин өнүктүрүүгө жана Евразия экономикалык биримдигинин алкагында бир катар долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бураарыңызга ишенем», — деп билдирген ал.
Кыргызстанда президенттик шайлоо жекшемби күнү, 15-октябрда өткөн. Алдын ала маалыматтар боюнча Сооронбай Жээнбеков 54,77 пайыз добуш алган.
Булак:Спутник

Аргумент.kg