Психолог: «Ар бир аялдын бир эле убакта эки күйөөсү болуш керек»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бир аял эки эркекке бир эле учурда тие ала турганы тууралуу казак психологу  Серикгүл Салинин айтканы бир эле казак мырзаларын эмес кыргыз жигиттерин да дүрбөттү. Ал эми психолог айым пикирин  «Отырар» телеканалынындагы берүүдө ачыктаган.

Психолог өзүнүн сунуштарын учурда эркектер бир аялды камсыздай албай калгандыгына байланыштырган. Ал эми мырзалардын эркетерге эки аял алууга уруксат берилиши керектигинен улам психолог : « Ар бир аял экиден, ар бир эркек экиден аял ала турган мыйзам кабыл алынышы керек. Аял толук камсыз болушу керек. Кандай караба, мындай мүмкүнчүлүк бардык эле эркектерде боло бербейт. Ал эми эки жубай аялды бага алат ”, — дейт психолог.

Бул окуядан кийин аял бир эле учурда экиден күйөөгө тие ала турганы коомду дүрбөлөңгө салууда.

Аргумент.kg