Президенттин милдетин ким аткарып, кийинки шайлоо качан болот?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

 Бүгүн, 15-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков отставкага кетүү тууралуу чечим кабыл алганын жарыялады.

Конституциянын 68-беренесине ылайык президенттин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтогондо жаңы президент шайланганга чейин анын милдеттерин Жогорку Кеңештин төрагасы аткарат. Жогорку Кеңештин жаңы шайланган төрагасы — Канат Исаев.
Төрага президенттин милдеттерин аткара албаган учурда премьер-министрдин кызматын ээлеп отурган адам президенттин милдетин аткаруучу болот.
Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнү президенттин ыйгарым укуктары токтогондон кийин 3 айлык мөөнөттө уюштурулат.
Президенттин ыйгарым укуктарын аткарып жаткан жаран Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоого, өкмөттү отставкага кетирүүгө жана президенттик шайлоодо талапкер болууга укугу жок.

  • Эгерде президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-октябрда арыз жазса, анда президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнү 2021-жылдын 15-январына чейин болот.
Аргумент.kg