Президенттин чечимин күтүүдө. Алымкадыр Бейшеналиев жумушка кайтууга даяр

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Алымкадыр Бейшеналиев Саламаттыкты сактоо министринин кызматына киришүүгө даяр. Бул тууралуу ал 24.kg агенттигине билдирди.

Аткаминер ал жумуштан убактылуу гана четтетилгенин эске салды.

«Президент чечим чыгараары менен мен ишке киришип, реформаны улантууга даярмын», — деди Алымкадыр Бейшеналиев.

Анын айтымында, үй камагында жүргөндө медициналык мекемелердин башкы дарыгерлери менен телефон аркылуу байланышып турган. «Мен СИЗОдон чыгаарым менен министрликте, Кыргызстандын медицинасы толугу менен көзөмөлдөнгөндөй эле кылып жүрдүм, башкача айтканда, биз иштедик. Мен үйдөн эч жакка чыккан жокмун», — деди Алымкадыр Бейшеналиев.

Белгилей кетсек, буга чейин Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин аракетинде кылмыштын курамы жок болгондуктан, ага карата козголгон кылмыш иши токтотулганы айтылган

Аргумент.kg