Президент:Энергетика тармагыбыз жок болуп кетпеши үчүн тариф көтөрүлүш керек

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Президент Садыр Жапаров электр кубатына болгон тариф 1-майдан тарта көтөрүлөрүн айтты.Бул тууралу «Кабар» агенттигине маалымат берди.

«Тарифти көтөрбөй деле ,элге жаман көрүнбөй  мурдагыдай эле иш кыла берсек болмок.Бирок,биз мурдатан келе жаткан туура эмес иштерди уланта берсек кыргыз элинин, мамлекетинин кусуру урат. Энергетика системабыз 10-15 жылдан кийин биротоло талкаланып жок болуп кетет.

Мага чейинки президенттер дагы тарифти көтөргөнгө аракет кылышкан. Бирок эл толкуп кетет деп коркушуп, тарифти көтөрбөй, жыл сайын энергетика системасы улам тереңдеп карызга батып олтуруп, 2020-жылга чейинки карыз 137 миллиард сомду түзүптүр»-деген Жапаров.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө энергетика тармагыбыздын карызы 137 миллиард сомду түзөт. Өндүрүлүп жаткан электр кубатынын 1 кВт/саатынын өздүк баасы 2 сом 38 тыйынды түзөт.

Аргумент.kg