Президент Садыр Жапаров министр Алымкадыр Бейшеналиевдин кызматы тууралу чечимди жакынкы күндөрдө кабыл алат

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Саламаттык сактоо министри кызматынан убактылуу четтетилген Алымкадыр Бейшеналиев кайра өз иш ордуна барууга даяр экенин билдирди. Ал президент Садыр Жапаровдун чечимин күтүп жатканын айтты.

Мамлекет башчынын басма сөз катысы Эрбол Султанбаев жергиликтүү басылмаларга Садыр Жапаров Бейшеналиев тууралуу чечимди жакынкы күндөрү кабыл аларын маалымдады.

Мунун алдында, 16-августта Бейшеналиевге вакцинага байланыштуу козголгон кылмыш иши токтотулганын анын адвокаты Кайсын Абакиров билдирген. Ал Ички иштер министрлиги кылмыштын курамы жок болгондуктан ушундай чечим чыгарганын белгилеген.

Бейшеналиевге козголгон башка иштер боюнча тергөө уланууда жана Башкы прокуратура азырынча кандайдыр бир маалымат бере элек.

Башкы прокуратура Бейшеналиевге Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен иш козголуп, 2-июнда кармалганын маалымдаган. Мекеме тараткан маалыматка ылайык, 2020-жылдын декабрынан 2021-жылдын сентябрына чейин Кыргызстанга эл аралык уюмдардан, Орусия, Кытай, Азербайжан жана Казакстандан коронавируска каршы вакцина гуманитардык жардам катары акысыз алып келинген.

Башкы көзөмөлдөөчү орган эл аралык жардамга карабай Бейшеналиевдин тапшырмасы менен 2021-жылы чет өлкөлүк менчик компаниялардан 1 млрд. 581 млн. 474 миң сомго вакцина негизсиз сатып алынганын, ага карата жалпы жети кылмыш ишин козголгонун билдирген.

Бейшеналиев 16-июнда үй камагына чыккан. 25-июнда президент Садыр Жапаров “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде башкы прокурор Курманкул Зулушев менен Бейшеналиев тууралуу пикирин билдирип, “экөөндө тең күнөө барын” айткан.

Жапаров эки жетекчи тең ишинен убактылуу четтетилип, кайра Зулушев кызматына барганын, Бейшеналиев үй камагына чыгышына байланыштуу “соодалашуу жүргөн окшойт” деген мазмундагы күмөн ойлорду жокко чыгарган. Зулушев 16-июнда кайра өз милдетин аткарууга киришкен.

Аргумент.kg