Президент Садыр Жапаров :Кыргызстандын тышкы карызын эрте төлөп койсо пайдасы аз,убакытты созуу керек

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Өлкө карызын мөнөтүнөн мурда жаап салууга Кыргызстандын дарамети жеткени менен,пайдасы азыраак.Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Кабар» улуттук агенттигине берген маегинде билдирди.

Өлко башчы Садыр Жапаровдун айтымында ,31-мартка карата мамлекеттин тышкы карызы 4,5 миллиард долларды түздү. Анын баарын төлөп салууга бийликтин кудурети жетет.

«Бирок тышкы карыздын дээрлик бардыгы 20 жылдан 40 жылга чейин жеңилдетилген, пайыздык чендери 0,75тен 2 пайызга чейинки кредиттер болуп саналат. Аны алып жатканда мөөнөтүнөн мурда төлөй турган болсок, белгиленген сумманын үстүнө дагы кошумча пайыз төлөө милдеттемелери коюлуптур. Ошондуктан карызды мөөнөтүнөн мурда жаап салуу бизге пайдасыз. Азыр өз убагынан бир мүнөт дагы кечиктирбей төлөп жатабыз, ага толук шартыбыз дагы бар. Корко турган эч нерсе жок. Бүгүнкү күндө буга чейинки алынган ички жана тышкы карыздын эң көп бөлүгүн төлөп баштадык», — деди Жапаров.

Булак:Аргумент кж

Аргумент.kg