Президент Садыр Жапаров ,100 млн доллар каражаты калк үчүн турак жайларды курууга багытталаарын айтты

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бүгүн, 24-апрелде Садыр Жапаров Сауд өнүктүрүү фондунун башкы аткаруучу директору Султан Абдурахман Аль-Маршадды кабыл алды. Анда биргелешкен долбоорлордун келечеги жана мындан аркы кызматташуу талкууланганын президенттик аппараттын маалыматтык саясат кызматы билдирди.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан үчүн  эки маанилүү долбоорду эске салды:Кыргыз Республикасынын «Менин үйүм» турак жай программасын жана Суусамыр – Талас – Тараз автожолун реконструкциялоону ишке ашыруу боюнча кол коюлган келишимдер.

Ошондой эле,  өлкө башчы кол коюлган келишим боюнча фонддун 100 миллион доллар өлчөмүндөгү каражаты калк үчүн жеткиликтүү турак жайларды курууга багыттала турганын баса белгиледи.

Булак:Аргумент кж 

Аргумент.kg