Президент: «Отурасыңар баарыңар, былтыйып!»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бүгүн, 24-январда Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны өткөрүлүп, анда 2018-2019-жылдарга пландалган иш-чаралардын аткарылышы каралып жатат.
Анда Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева доклад окуду. Андан соң Президент сөз сүйлөп төрайымды жана жалпы сот системасын сынга алды. Президент бир эле иш боюнча ар кайсы соттук инстанция ар башка чечим чыгарып жатканын белгилеп өттү. “Мага сөз тийип жатпайбы! Мен жасагандай, тапшырма бергендей болуп жатат! А силер отурасынар баарыңар, былтыйып! Мына ушинтип элдин мамлекеттик бийликке ишеничи кетет. Көрүүнө жасалып, чара көрбөй жатасаңар. Эмне деген акмакчылык? Өзүңөр аралашсыңар! Башкы прокуратура, сот өзүңөр аралашсыңар, ошондуктан чара көрө албай жатасыңар”, – деди Жээнбеков.Бул Кыргызстандагы сотторго жана прокуратура кызматкерлерине карата берген президенттин баасы деп билүү керек.
Булак: fakt.kg

Аргумент.kg