ПРЕЗИДЕНТ ЭЛИМ ҮЧҮН ОТСТАВКАГА КЕТЕМ ДЕДИ
28-бирдин айы, 2020-ж // //Коронавирустан кийин көп мамлекетте толкундоолор башталды. Калктын толкуусун токтотуу үчүн Украинанын президенти Владимир Зеленский каалаган учурда президенттик кызмат ордун таштап, отставкага кетүүгө даяр экенин жарыялады. Ошондой эле ал массалык нааразычылык акцияларынан коркпорун да кошумчалап: «Каалаган убакта жана саатта тактыны бошотуп берем. Эгерде коом менин командамдын иштөөсүн, менин президент болушумду каалабаса калктын мүдөөсүн аткарам, кан төгүлбөйт”,-деп билдирүү жасады президент.